Максаты жана изилдөө тармагы

Журналдын максаты - эл аралык илимий кызматташтыкты өнүктүрүү жана илимдин бардык тармактарындагы жаңы билимдерди жана акыркы жетишкендиктерди алмашуу. Ошондой эле адистерди жана бардык кызыкдар тараптарды теориялык жана практикалык көйгөйлөрдү чечүүдө кыргызстандык жана чет элдик окумуштуулардын акыркы жетишкендиктери менен тааныштыруу.

Журналдын максаттары

  • Кыргызстандык жана чет өлкөлүк изилдөөчүлөрдүн ортосунда профессионалдуу диалог чөйрөсүн кеңейтүү.
  • Дүйнөлүк жана ата мекендик илимий коомчулуктун теориялык жана прикладдык изилдөөлөрүнүн оригиналдуу натыйжаларын көрсөтүү, ата мекендик жана чет элдик окумуштууларды тартуу аркылуу эл аралык илимий мейкиндикти түзүү.
  • Перспективдүү жаш адистерди журналдын темасына ылайык илимий долбоорлордо иштөөгө тартуу.
  • Кыргызстандык жана чет элдик кесипкөй коомчулуктардын кызматташтыгын кеңейтүү үчүн байланыш платформасын түзүү.
  • Окурмандарды илимий изилдөөлөрдүн алдыңкы дүйнөлүк тажрыйбасы менен тааныштыруу.

Журналдын милдеттери

  • Окумуштууларга өздөрүнүн изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарын жарыялоо мүмкүнчүлүгүн берүү.
  • Илимий басылмалардын эл аралык деңгээлине жетишүү.
  • Илимий изилдөөлөрдүн эң актуалдуу, перспективдүү жана кызыктуу багыттарына көңүл буруу.
  • Журналга ата мекендик жана чет өлкөлүк абройлуу авторлорду, жогорку деңгээлдеги адистерди тартуу.
  • Кыргызстандын аймактарындагы изилдөөчүлөрдүн ортосунда пикир алмашууну камсыз кылуу.
  • Библиографиялык, анын ичинде эл аралык маалымат базаларына кирүү.
  • Журналдын импакт-факторун жогорулатуу.
  • Журналды эл аралык жана Кыргызстандык рынокто таанытуу.

 

Изилдөө тармагы

Журнал төмөнкү багыттар боюнча илимий материалдарды жарыялайт: табигый-так илимдер, техникалык илимдер, гуманитардык илимдер, социалдык-экономикалык жана коомдук илимдер. Журналда оригиналдуу илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын камтыган илимий макалалар, концептуалдык жана теориялык анализдер, басылмаларга рецензиялар, илимий баяндамалар ж.б. жарыяланат.