Материалдарды жөнөтүү
Материалды жөнөтүүгө даярдоо үчүн текшерүү тизмеси
Тапшыруу процессинин бир бөлүгү катары, авторлор алардын материалдары төмөнкү пункттардын бардыгына жооп берерин текшериши керек жана эгерде алар бул талаптарга жооп бербесе, материалдар авторлорго кайтарылып берилиши мүмкүн.- Макалалар журналдын веб-сайты аркылуу ( .doc, .docx, .rtf форматтарында) электрондук түрдө онлайн гана кабыл алынат.
- Макала жиберүү үчүн сайтка Кирүү же Катталуу керек. Катталуудан мурда Журналдын саясаты жана Жарыялоо этикасы менен таанышып чыгыңыз.
- Макалага коюлган талаптарды бул жактан көрсөңүз болот.
МАТЕМАТИКА
Политика раздела по умолчанию
Автордук укукту өткөрүп берүү шарттары
Авторлор макалаларын журналга басып чыгаруу менен аны Creative Commons Attribution License (CC BY-NC 4.0) лицензиясы менен лицензиялаган болушат.
Бул лицензиянын шарттарына ылайык, авторлор өз кол жазмаларына болгон укуктарды сактап калышат, ошол эле учурда башка адамдарга милдеттүү түрдө бул эмгектин авторун көрсөтүү жана бул журналдагы басылмага шилтеме берүү менен аларды эркин жүктөп алууга, колдонууга, кайра басып чыгарууга, өзгөртүүгө, жайылтууга же көчүрүүгө уруксат берет. Журналга шилтеме берилген соң, баардык бул иш-аракеттер үчүн авторлордун же басып чыгаруучунун уруксаты талап кылынбайт.
Бул журналга жарыялоочу авторлор төмөнкүлөргө макул болушат:
- Авторлор кол жазманын автордук укугун сактап калышат жана журналга Creative Commons Attribution License (CC BY-NC 4.0) шарттарына ылайык чыгарманы биринчи жолу жарыялоо укугун беришет, бул башкаларга бул чыгарманын оригиналдуу автору жана оригиналдуу басылмасына шилтемелерди милдеттүү түрдө берүү менен жайылтууга мүмкүндүк берет.
- Авторлор кол жазманын бул жерде жарыяланган версиясын эксклюзивдүү эмес жайылтуу боюнча өз алдынча келишимдик макулдашууларды түзүү укугун сактап калышат (мисалы, институттук репозиторийге жайгаштыруу, китепке жарыялоо, социалдык тармактарда бөлүшүү ж.б.), бирок анын бул журналдагы түп нускасына шилтеме берүү шарты менен.
Кол жазманын авторлугу кол жазманы түзүүгө, идеяны калыптандырууга, макала жазууга, жыйынтыктарды чечмелөөгө түздөн-түз катышкан жана илимий жыйынтыктарды өндүрүүгө чоң салым кошкон изилдөөчүлөргө таандык болушу шарт.
Конфиденциалдуулук жөнүндө арыз
Бул журналдын веб-сайтына киргизилген ысымдар жана электрондук почта даректери ушул журналда көрсөтүлгөн максаттар үчүн гана колдонулат жана башка максаттар үчүн колдонулбайт же башка адамдарга жана уюмдарга берилбейт.