Журнал жөнүндө
«ОшМУнун жарчысы» эл аралык мультидисциплинардуу илимий журналы 2000-жылдан бери чыгат.
Журнал Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы тарабынан табигый, гуманитардык, социалдык, экономикалык, социалдык жана башка тармактарда илимдин кандидаты жана доктору илимий даражасын алуу үчүн диссертациялардын негизги жыйынтыктарын жарыялоо үчүн, ошондой эле аспирантура, магистратурадагылар үчүн сунуш кылынган рецензияланган алдыңкы илимий журналдардын тизмесине киргизилген.
Журнал үч тилде – кыргыз, орус жана англис тилдеринде макалаларды кабыо алат. Материалдарды жарыялоо бекер. Журнал макалаларды жөнөтүү, аларды кароо жана жарыялоо үчүн акы албайт. Автордук сый акы төлөнбөйт.
Журнал жылына 4 жолу чыгат (кошумча атайын чыгарылыштар болушу мүмкүн).
Журнал 2014-жылдын 25-августунда Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде GR сериясында №003782 менен кайра каттоодон өтүп, расмий түрдө «Ош мамлекеттик университетинин жарчысы» деп аталды. 2016-жылдын 13-октябрынан тартып журнал РИНЦтин илимий электрондук китепканасы (№564-10/2016) менен эки тараптуу келишимдин негизинде кызматташып келет.
Учурда журнал РИНЦте (Российский индекс научного цитирования) индекстелет.
Журналга чыккан макалалардын метамаалыматтары CrossRefте катталып ар бир автордун макаласына DOI – цитаталарды, шилтемелерди жана электрондук документтерге кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн колдонулган санарип объектинин идентификатору ыйгарылат.
«ОшМУнун жарчысы» материалдарынын электрондук версиялары journal.oshsu.kg/index.php/vestnik, www.e-library.ru сайттарында коомдук доменде жайгаштырылган.
Негиздөөчүсү
Ош мамлекеттик университети.
ISSN 1694-7452(басма версиясы)
e-ISSN 1694-8610 (электрондук версиясы)
Префикс DOI: 10.52754