Иудейлердин Орто Азия менен байланышы
DOI:
https://doi.org/10.52754/16947673_2024_35_3Anahtar Kelimeler:
еврей- израил уулдары- иудей- ашкеназим- сфарадим- бухаралык иудейлерÖzet
Иудаизм эл оозунда улуттук дин катары билинет. Иудаизмдин ыйык китеби Торада Ибрахим пайгамбардан баштап Муса пайгамбарга чейинки окуяларда убада кылынган аймактан сөз кылынган. Муса пайгамбардын башчылыгында иудейлердин Египеттен чыгып, азыркы Палестинанын аймагына келип жайгашуулары да Торанын буйруктарынын негизинде ишке ашкан. Иудаизмдин тарыхындагы улуу падышалардан Давуд жана анын уулу Сулайман доорунда иудаизмдин борбору калыптанган. Иудаизмде келечектеги куткаруучу катары билинген Машиах/Масих да иудаизмдин борбору Иерусалимде ортого чыгат. Жер жүзүндөгү иудейлер ибадат учурунда Иерусалимге жүзүн бурат. Ушунун баарын алып караганда, иудейлер үчүн Иерусалим дүйнөдөгү эң ыйык жер жана диндар ар бир иудей ал жерде өмүр сүрүүнү эңсейт. Ошого карабастан тарыхтагы түрдүү окуялардан улам иудейлер дүйнөнүн булуң-бурчунда жашап келет. Анын ичинен Орто Азияда да иудейлер жашайт. Орто Азиядагы иудейлер Бухара иудейлери деген ат менен таанылган. Бул макалада бухаралык иудейлердин негизинде Орто Азияга иудейлердин келип жайгашуусунан сөз кылабыз. Ислам келгенге чейин эле орто азиялыктардын иудейлер тууралуу маалыматы болгон. Ислам келгенден кийин мусулмандашкан орто азиялыктардын иудейлер тууралуу пикирлери өзгөргөнүн ойлосок болот.
İndir
Yayınlanmış
Nasıl Atıf Yapılır
Sayı
Bölüm
Lisans
Telif Hakkı (c) 2024 Өскөнбай Зууридинов
Bu çalışma Creative Commons Attribution 4.0 International License ile lisanslanmıştır.