«МАТЕМАТИКАНЫН ЖАНА БИЛИМ БЕРҮҮНҮН АКТУАЛДУУ МАСЕЛЕЛЕРИ» АТТУУ ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ КОНФЕРЕНЦИЯ (2023-ЖЫЛДЫН 12-13-МАЙЫ)
DOI:
https://doi.org/10.52754/16948742_2023_1(2)_11Ачкыч сөздөр:
«Математиканын жана билим берүүнүн актуалдуу маселелери» эл аралык илимий конференциясы, Ош мамлекеттик университети, Келдибай Алымкулов, окутуунун жана тарбиялоонун теориясы жана методикасы, санарип технологияларАннотация
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Математика институту, Ош мамлекеттик университети тарабынан уюштурулган «Математиканын жана билим берүүнүн актуалдуу маселелери» аттуу эл аралык илимий конференция 2023-жылдын 12-13-майында Ош мамлекеттик университетинде өткөн. Конференция Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, физика-математика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө корреспонденти жана Ардактуу академиги Келдибай Алымкуловдун 80-жылдыгына арналган. Бул макала конференцияга берилген окутуунун жана тарбиялоонун теориясы жана методикасы, санарип технологиялар илимий багыттарында даярдалган макалаларды кароого баяндалган.