ОКУТУУ ПРОЦЕССИНДЕ МЕЙКИНДИК ОЙ ЖҮГҮРТҮҮНҮ ѲНҮКТҮРҮҮНҮН МЕНТАЛДЫК МОДЕЛИ
DOI:
https://doi.org/10.52754/16948742_2023_1(2)_7Ачкыч сөздөр:
мейкиндик ой жүгүртүү, менталдык модель, кайтарым байланыш, окутуучу, окуп-үйрөнүүчү, дидактикалык материалдарАннотация
Макалада окутуу процессинде окуп-үйрөнүүчүлөрдүн мейкиндик ой жүгүртүүсүн ѳнүктүрүү маселесин чечүүнүн менталдык модели сунушталды. Менталдык моделдин биздин дүйнѳнү кабылдоо жолубуз, б.а. ой жүгүртүүбүзгѳ жардам берүүчү курал боло тургандыгы чечмеленди. Менталдык модель каралып жаткан маселени чечүүгѳ багытталып, аны чечүүнүн жолдорун кѳрүүгө жардам берет. Окуп-үйрөнүүчүлөрдүн элестик ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүнүн биз тарабынан түзүлгөн менталдык моделинин элементтери болуп: окутуучу; дидактикалык материалдар, окутуу методдору, стратегиялары, жолдору; окуп-үйрөнүүчү эсептелинди. Түзүлгѳн менталдык модель кѳрсѳтүлгѳн элементтерден туруусу зарыл экендиги негизделди. Маселени чечүүдѳ моделдин элементтеринин ортосундагы көз карандылыктарды жана байланыштарды түзѳ билүү ѳтѳ маанилүү экендиги көрсөтүлдү.
Библиографиялык шилтемелер
Борбоева, Г. М. (2020). Система педагогических условий в формировании пространственного мышления будущих учителей математики. Тенденции развития науки и образования, 12(61), 54–58.
Далингер В.А. (2017) Методика обучения стереометрии посредством решения задач. Учебное пособие для академического бакалавриата, (с. 370). Юрайт.
О’Коннор, Д., & Макдермотт, И. (2018). Искусство системного мышления: Необходимые знания о системах и творческом подходе к решению проблем (с. 396).
Лапыгин, Ю. Г. (2008). Системное решение проблем (p. 336). Эскмо.
Борбоева, Г. М. (2023). Геометриялык фигуралардын “ыңгайлуу” сүрөттөлүшү мейкиндик ой жүгүртүүнү калыптандыруу каражаты катары. Вестник Ошского государственного университета, 1, 150–157.
Левенчук, А. (2022). Системное мышление (p. 794). Проект “Баловство”: Игры с материальной культурой.
Шарипов, Ф. В. (2018). Педагогика и психология высшей школы: учеб. пособие (с. 448). Логос.
Муштавинская, И. В. (2017). Технология развития критического мышления на уроке и в системе подготовки учителя (p. 138). Каро.