ӨСҮМДҮКТӨРДҮН ФИТОПАТОГЕНДЕРИНИН ЭКОЛОГИЯСЫН ЧЕЧҮҮ БОЮНЧА ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК ЖАНА АТА МЕКЕНДИК ИЛИМПОЗДОРДУН ИЗИЛДӨӨЛӨРҮН ТАЛДОО

Авторлор

DOI:

https://doi.org/10.52754/16948742_1(8)_7-2026

Ачкыч сөздөр:

экология, фитопатогендер, абанын булганышы, нанокомпозиттер, шаардык чөйрө

Аннотация

Бул макалада Кыргызстандын ири шаарларындагы, анын ичинде Ош шаарындагы экологиялык көйгөйлөр жана аларды чечүүдө өсүмдүктөрдүн фитопатогендери менен күрөшүү маселеси каралат. Ошондой эле шаарларда автоунаалардын жана жеке турак жайлардын санынын өсүшү абанын булганышына алып келип, калктын дем алуу органдарынын ооруларынын көбөйүшүнө таасирин тийгизүүдө. Авторлор бул көйгөйлөрдү чечүү жолдорун, анын ичинде аймактарды жашылдандыруу маселесин окумуштуулардын илимий изилдөөлөрүнүн негизинде талдашат. Кыргызстандык жана чет өлкөлүк илимпоздордун эмгектерине сереп салынат. Анда фитопатогендер жараткан экологиялык көйгөйлөр, алардын өсүмдүктөргө тийгизген таасири жана аларга каршы күрөшүүнүн жаңы ыкмалары, анын ичинде нанокомпозиттерди колдонуу маселеси талданат. Изилдөөлөрдүн натыйжалары көрсөткөндөй, фитопатогендерге каршы күрөшүүдө колдонулган салттуу ыкмалар дайыма эле натыйжалуу боло бербейт, ошондуктан илимпоздор селен нанокомпозити сыяктуу жаңы, экологиялык жактан коопсуз ыкмаларды иштеп чыгууда. Макалада фитопатогендердин айлана-чөйрөгө, өсүмдүктөрдүн абалына жана калктын ден соолугуна тийгизген терс таасири баса белгиленет. Жыйынтыгында фитопатогендер менен күрөшүүдө жаңы технологияларды колдонуу шаарлардын экологиялык абалын жакшыртууга жана калктын ден соолугун сактоого жардам берет деген бүтүм чыгарылат. Ошентип, фитопатогендер маселесинин актуалдуулугу алардын шаар экологиясына тийгизген олуттуу таасири менен түшүндүрүлөт. Алар өсүмдүктөрдү ооруга чалдыктырып, шаарлардын экологиялык абалынын жана калктын ден соолугун начарлашына алып келет. Андыктан учурда фитопатогендердин агрессивдүүлүгүнүн жогорулашы, кеңири таралышы, химиялык препараттарга туруктуулугу жана тамак-аштын токсиндер менен булганышы алар менен күрөшүүнү өтө маанилүү милдетке айландырат.

Библиографиялык шилтемелер

Дем алуу органдарынын ооруларына чалдыгуусу (2025). Саламаттыкты сактоо. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети. [Электрондук ресурс]. URL: https://stat.gov.kg/ru

Катталган жеңил автоунааларынын саны. Транспорт жана байланыш. (2025). Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети. [Электрондук ресурс]. URL: https://stat.gov.kg/ru

Келлер, А. А., Кувакин, В. И. (1997). Экология здоровья. Введение в медицинскую и военно-медицинскую экологию: PETROC, (184).

Келлер, А. А., Кувакин, В. И. (1998). Медицинская экология, (256).

Концепция экологической безопасности Кыргызской Республики (2021) Проект. [Электрондук ресурс]. URL: https://aarhus.kg/wp-content/uploads/2024/03/Kontseptsiya-ekologicheskoj-bezopasnosti-Kyrgyzstana.pdf

Куролап, С. А., Мамчик, Н. П., Клепиков, О. В. (2006). Оценка риска для здоровья населения при техногенном загрязнении городской среды, (220).

Кыргыз Республикасынын экологиялык серепи (2009). Кыргыз Республикасынын алдындагы айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенствосу, 23–25.

Маннанов, Р. Н. (1998). Фитопатогендик микроорганизмдерге жана өсүмдүктөрдүн өнүгүшүнө айрым антагонисттердин таасирин изилдөө: дисс. авторефераты, (26)

Перфильева А. (2023) Враги вредных. По фитопатогенам ударят нанокомпозиты. РАН. СО РАН. Сибирь - Дайджест прессы, 3(368), 194-197. URL: https://ficuuh.ru/wp-content/uploads/2023/03/2023-03.pdf

Пятибратова А. (2007) Институт медицинских проблем в городе Оше (Кыргызстан) предлагает разработать государственную программу по сохранению здоровья и генофонда нации. Ош - ИА «24.kg» [Электронный ресурс]. URL: https://24.kg/archive/ru/community/14932-2007/02/22/45830.html/

Салахова, Г. М. (2007). Мунайдын булганышы жана топурактын рекультивациясы шартында өсүмдүктөрдүн экологиялык жана физиологиялык параметрлеринин жана ризосфералык микробиотанын өзгөрүшү, 24. [Электрондук ресурс]. URL: http://ib.anrb.ru

Стационардык булактардан зыяндуу заттарды атмосферага чыгаруусу (2025). Атмосфералык абаны коргоо. Айлана чөйрөнү коргоо. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети. [Электрондук ресурс]. URL: https://stat.gov.kg/ru

Татаринцев, А. И. (2018). Орто Сибирдеги адам тарабынан бузулган бак-дарактардын санитардык-фитопатологиялык абалынын экологиялык жана токойчулук өзгөчөлүктөрү, (40).

Жүктөөлөр

Жарыяланды

2026-06-29

Кандай шилтеме берүү керек

Кошуева, К. Б. (2026). ӨСҮМДҮКТӨРДҮН ФИТОПАТОГЕНДЕРИНИН ЭКОЛОГИЯСЫН ЧЕЧҮҮ БОЮНЧА ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК ЖАНА АТА МЕКЕНДИК ИЛИМПОЗДОРДУН ИЗИЛДӨӨЛӨРҮН ТАЛДОО. Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Педагогика. Психология, (1(8), 60–66. https://doi.org/10.52754/16948742_1(8)_7-2026

Саны (чыгарылыш)

Бөлүм

КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ТЕОРИЯСЫ ЖАНА ПРАКТИКАСЫ