ЗАМАНБАП ТЕХНОЛОГИЯЛАР ЖАНА БАЛДАР АДАБИЯТЫ: МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ КУРАКТАГЫ БАЛДАРДЫН КЫЗЫГУУСУН АРТТЫРУУ ЖОЛДОРУ

Авторлор

DOI:

https://doi.org/10.52754/16948742_1(8)_5-2026

Ачкыч сөздөр:

мектепке чейинки курак, адабий көндүм, калыптандыруу, сөз байлыгы, элестетүү, чыгармачылык, баалуулуктар, заманбап технология

Аннотация

Бул макалада заманбап технологиялар менен балдар адабиятынын өз ара байланышы жана алардын мектепке чейинки курактагы балдардын кызыгуусун арттыруудагы ролу каралат. Интерактивдүү китептер, мобилдик тиркемелер жана мультимедиалык каражаттар аркылуу балдарга маалымат берүү жана алардын окууга, чыгармачылыкка болгон умтулуусун өстүрүүгө өбөлгө түзөрү белгиленет. Ошондой эле педагогдордун, адабиятчылардын жана окумуштуулардын пикирлерине таянып, технология менен адабиятты айкалыштыруу жолдору талданат. Улуттук контентти санариптик форматта өнүктүрүү, ата-энелердин жана мугалимдердин колдоосу балдардын билим алуусунда өзгөчө мааниге ээ экени баса белгиленет. Балдар адабиятынын жана заманбап технологиялардын айкалышы балдардын интеллектуалдык, эмоционалдык өнүгүүсүнө өбөлгө түзүп, жалпы жашоо тажрыйбасын жакшыртууга жардам берет. Окуу процесси кызыктуу жана оюн түрүндө өтсө жыйынтыгында жакшы натыйжаларды көрсөтө алышат.

Библиографиялык шилтемелер

Асаналиева, М. М., Сакиева, С. С. (2024). Мектеп жашына чейинки балдарга балдар адабиятын колдонуу технологиясы (175).

Выготский, Л. С. (2018). Ойлоо жана сүйлөө. Лабиринт, (263).

Жунусова, А. (2016). Балдарга арналган чыгармачылык: тил, мазмун, курактык өзгөчөлүк, 3–4.

Козлова, С. А. (2001). Мектепке чейинки педагогика. Мектепке чейнки билим берүү, 28–32.

Чуковский, К. (2003). Эки жаштан беш жашка чейинки курак. Мектепке чейнки билим берүү, (98).

Эльконин, Д. Б. (2007). Балдар психологиясы: өнүктүрүү психологиясы. Академия, (124).

Жүктөөлөр

Жарыяланды

2026-06-09

Кандай шилтеме берүү керек

Сакиева, С. С., & Асаналиева, М. М. (2026). ЗАМАНБАП ТЕХНОЛОГИЯЛАР ЖАНА БАЛДАР АДАБИЯТЫ: МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ КУРАКТАГЫ БАЛДАРДЫН КЫЗЫГУУСУН АРТТЫРУУ ЖОЛДОРУ. Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Педагогика. Психология, (1(8), 46–51. https://doi.org/10.52754/16948742_1(8)_5-2026

Саны (чыгарылыш)

Бөлүм

ОКУТУУНУН ЖАНА ТАРБИЯЛООНУН ТЕОРИЯСЫ ЖАНА МЕТОДИКАСЫ