БУЛУТ ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫНЫН ЖАРДАМЫНДА ОКУУЧУЛАРДЫН БИЛИМДЕРИН ТЕКШЕРҮҮНҮ УЮШТУРУУ

Авторлор

DOI:

https://doi.org/10.52754/16948742_1(8)_4-2026

Ачкыч сөздөр:

булут технологиялары, тесттерди автоматташтыруу, билим деңгээли, окутуунун натыйжасы, окуучулардын активдүүлүгү

Аннотация

Макалада булут технологияларын колдонуу аркылуу окуучулардын билим деңгээлин текшерүүнү уюштуруунун натыйжалуу ыкмалары каралат. XXI кылымдын билим берүү мейкиндигинде санариптештирүү процесси тездик менен өнүгүп, окутуунун бардык баскычтарында инновациялык технологияларды колдонуу зарылчылыгы күндөн күнгө күч алууда. Айрыкча, булут технологиялары билим берүүдө маалыматты сактоо, иштетүү, бөлүшүү жана баалоо процесстерин ыңгайлуу, эффективдүү жана жеткиликтүү кылат. Макалада Google Workspace for Education, Microsoft OneDrive, ClassMarker, Quizizz, Kahoot!, Canva for Education сыяктуу булутка негизделген платформалар жана алардын билимди текшерүүдө колдонуу жолдору баяндалат. Ошондой эле бул платформалардын артыкчылыктары – автоматташтырылган баалоо, реалдуу убакытта жыйынтык алуу, индивидуализацияланган тапшырмалар менен иштөө жана окуучунун жекече ийгилигин көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү талдоого алынган. Изилдөөнүн жүрүшүндө булут кызматтарынын негизинде түзүлгөн тесттик жана практикалык тапшырмалар окуучулардын өз алдынча иштөө жөндөмүн, жообкерчилигин жана маалыматтык сабаттуулугун калыптандырууда маанилүү роль ойноору аныкталган. Мындан тышкары, бул технологиялар мугалимдин ишин оптималдаштырууга, баалоо процессин объективдүү жана так уюштурууга жардам берет. Бул макала жалпы орто билим берүү мугалимдерине, методисттерге жана билим берүү технологиялары менен иштеген адистерге арналат жана практикалык колдонмолор менен коштолгон. Ал билимди текшерүү процессин санарип форматка ылайыкташтырууга жана заманбап талаптарга жооп берген билим берүү чөйрөсүн түзүүгө багытталган. Авторлор тарабынан булут технологияларынын окуучулардын билим деңгээлин баалоодогу ишенимдүүлүгү жана окуу процессин натыйжалуу уюштуруудагы ролу баса белгиленген. Окутуудагы мындай жаңы технологиялар мугалимдердин ишин жеңилдетип, окуучулардын билим деңгээлин ачык-айкын баалоого шарт түзөт, ошондой эле билим берүүнүн катышуучулары үчүн кеңири ыңгайлуулуктарды жаратат.

Библиографиялык шилтемелер

Абрамова, О. М. (2017). Использование облачных технологий для организации контроля учебной деятельности. Высшее образование в России, 7, 9. [URL]: https://cyberleninka.ru/article/n/ispolzovanie-oblachnyh-tehnologiy-dlya-organizatsii-kontrolya-uchebnoy-deyatelnosti

Алексанян, Г. А. (2012). Применение облачных сервисов в организации самостоятельной деятельности студентов СПО. Актуальные проблемы современной науки: свежий взгляд и новые подходы, ч. 2., 16–19.

Галкина, Л. С. (2012). Возможности форм Google для on-line тестирования. Рождественские чтения: тезисы докладов XVI Межрегион. научно-метод. конфер. по вопросам применения ИКТ в образовании, 11–13.

Дронова, Е. Н. (2013). Использование онлайн-редакторов при изучении прикладного программного обеспечения. Информатика и информационные технологии в образовании, науке и производстве: сб. ст. и тезисов докладов ΧΙΙ науч.-практ. конференции, 25–27.

Звонникова, В. И., Челышкова, М. Б. (2007). Современные средства оценивания результатов обучения: учеб. пособие для студентов высших учебных заведений, (218).

Зулпукарова, Д. И., Калдыбаев, С. К. (2020). Онлайн окутууну уюштуруунун учурдагы абалы жана көйгөйлөрү. Alatoo Academic Studies, 2, 9–15.

Усенков, Д. Ю. (2007). Цифровая система организации и поддержки образовательного процесса. VII Международ. научно-практической конференции “Использование программных продуктов фирмы ‘1С’ в инновационной деятельности учебных заведений”, 469.

LearningApps - создание мультимедийных интерактивных приложений (2018). [Электронный ресурс]. URL: https://learningapps.org/about.php

Жүктөөлөр

Жарыяланды

2026-06-29

Кандай шилтеме берүү керек

Зулпукарова, Д. И., Сманова, Н. Т., & Абдукаимова, А. Ж. (2026). БУЛУТ ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫНЫН ЖАРДАМЫНДА ОКУУЧУЛАРДЫН БИЛИМДЕРИН ТЕКШЕРҮҮНҮ УЮШТУРУУ. Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Педагогика. Психология, (1(8), 38–45. https://doi.org/10.52754/16948742_1(8)_4-2026

Саны (чыгарылыш)

Бөлүм

ОКУТУУНУН ЖАНА ТАРБИЯЛООНУН ТЕОРИЯСЫ ЖАНА МЕТОДИКАСЫ