ИЗИЛДӨӨ ИШИНЕ ОКУУЧУЛАРДЫ ТАНДООДО АССЕССМЕНТ-БОРБОР МЕТОДИКАСЫ КУРАЛ КАТАРЫ
DOI:
https://doi.org/10.52754/16948742_2(7)_4-2025Ачкыч сөздөр:
ассессент-борбор, методология, изилдөө жөндөмдөрү, орто мектеп, математикаАннотация
Макалада орто мектептин окуучуларынын, айрыкча жогорку класстарда математика сабагы боюнча, илимий-изилдөө иштерин уюштуруу жана жүргүзүү үчүн окуучуларды тандоодо баалоо борборунун (assessment center) ыкмасын колдонуу каралат. Билим берүү лидерлигинин негизги сапаттарын аныктоого жана өлчөөгө болгон умтулуунун өсүшү, ошондой эле өз алдынча изилдөө ишмердүүлүгүнүн көндүмдөрүн өздөштүрүүнүн маанилүүлүгү ассессмент-борборлорду колдонуу аркылуу баалоо идеясын пайда кылганын белгилеп өтөбүз. Окуучунун илимий ишти ийгиликтүү уюштуруусу жана жазуусу үчүн зарыл болгон компетенцияларды өлчөө максатында ассессмент-борбордун иштөө куралдары иштелип чыкты. Ассессмент-борбор ар түрдүү ыкмалардын айкалышына негизделди: ситуациялык тапшырмаларды моделдештирүү, жеке тапшырмалар жана долбоорду коргоо. Апробация билим берүү бөлүмүнүн методисттеринин жана бул багыттагы изилдөөчүлөрдүн катышуусу менен өткөрүлдү. Сунушталып жаткан методиканын өзгөчөлүгү анын жогорку натыйжалуулугунда: ассессмент-борбордон жогорку деңгээлде өткөн окуучулар илимий-изилдөө иштеринин конкурстарында предмет мугалимдеринин сунушу жана окуучунун үлгүрүмү боюнча тандалган окуучуларга салыштырмалуу кыйла жогорку жыйынтыктарды көрсөтүштү. Ошентип, ассессмент-борбор окуучулардын изилдөө компетенцияларын тандоонун жана өнүктүрүүнүн натыйжалуу куралы катары кызмат кылат, бул окуучуларда өз алдынча илимий ишмердүүлүк, сынчыл ой жүгүртүү жана лидерлик сапаттарын максаттуу түрдө калыптандырууга мүмкүндүк берет. Макалада эксперименттин бардык этаптарынын сүрөттөлүшү, ошондой эле ассессмент-борборду жогорку билим берүүнүн ар түрдүү тармактарында колдонуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча жыйынтык ойлор камтылган.
Библиографиялык шилтемелер
Карасёва, Л. & Смагулов, Е. (2024). Психолого-педагогические уcловия формирования алгоритмической компетенции у школьников в процессе изучения математики Вестник Ошского государственного университета. Педагогика. Психология, (2(5)), 55-62. DOI: 10.52754/16948742_2(5)_7-2024. EDN HOBXCF.
Мурзабаев, К., Мейманов, Т. (2024). Математика предметин интеграциялап окутуу туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетүүнүн натыйжалуу жолу катары. Вестник Ошского государственного университета Педагогика Психология, (1(4)), 39–50. DOI: 10.52754/16948742_1(4)_5-2024. EDN TDCYZC
Мырзабеков, Т., Жетписбаева, Г., Алтынбеков, Ш. (2023). Методические основы формирования исследовательских навыков старшеклассников в области математики. Вестник НАН РК, (4(404)), 218–233. DOI: https://doi.org/10.32014/2023.2518-1467.546
Фисенко, М. Д. (2022). Преимущества использования процедуры ассессмент-центра для диагностики эмоционального интеллекта. Материалы X Всероссийской научно-практической конференции “Психология. Педагогика. Лингво-культурологические взгляды”, 172–174.
Botuzova, Y., Iievliev, O., Okipniak, I., Yandola, K., & Charkina, T. (2023). Innovative Approaches to Assessment in Pedagogical Practice: New Technologies, Methods and Development of Objective Assessment Tools. Cadernos de Educação Tecnologia E Sociedade, 16(2), 386–398. https://doi.org/10.14571/brajets.v16.n2.386-398
Debre, O. (2023). The method of projects as a means of developing senior students. Тhe sources of pedagogical skills, (31), 48–51. https://doi.org/10.33989/2075-146x.2023.31.283225
James, F., & Nycum, III. (2022). Twenty-first Century Skills: Preparing High School Graduates for Success Through a
Senior Project [Doctoral Dissertation]. Virginia Polytechnic Institute and State University, Blacksburg, Virginia.
McCleary, L. E., & Ogawa, R. (1989). The Assessment Center Process for Selecting School Leaders. School Organisation, (9(1)), 103–113. https://doi.org/10.1080/0260136890090108
Suherman, S., & Vidákovich, T. (2022). Assessment of Mathematical Creative Thinking: A Systematic Review. Thinking Skills and Creativity, 44, 101019. https://doi.org/10.1016/j.tsc.2022.101019
Zhang, X., Chen, Y., Hu, L., & Wang, Y. (2022). The metaverse in education: Definition, framework, features, potential applications, challenges, and future research topics. Frontiers in Psychology, 13. https://doi.org/10.3389/fpsyg.2022.1016300
