ЖЕГИЧ – ГАЛОИДДИК КРИСТАЛЛДАРДАГЫ РАДИАЦИЯЛЫК ДЕФЕКТТЕР БОЮНЧА АЙРЫМ ИЗИЛДӨӨЛӨРГӨ АНАЛИЗ

Авторлор

DOI:

https://doi.org/10.52754/16948742_1(6)_7-2025

Ачкыч сөздөр:

радиациялык дефекттер, структуралык сезгичтик, сцинтилляциялык импульс, термостимуляцияланган люминесценция, деформациялык эффект, дозиметр, электрондук дүүлүктүрүү, квазибөлүкчө

Аннотация

Катуу телолордо алдын ала катуу телого керектүү болгон параметрлерди синтездөө менен алуу маселеси катуу телолордун колдонулушундагы жаны жагдай болуп саналат, анткени акыркы ондогон жылдарда катуу телолордун, анын ичинде жегич-галоиддик  кристаллдардын техниканын жана технологиянын түрдүү аймактарында колдонулушу аларды изилдөөнүн актуалдуулугун арттырып жатат. өндүрүштө колдонулган катуу кристалдык материалдар реалдуу түзүлүшкө ээ жана ал идеалдуу кристаллдарда дефектердин болушу менен кескин айырмаланышат. Кээ бир кристаллдагы дефектер (дислокациялар, жаракалар) кристаллды синтездөө мезгилинде пайда болсо, башка чекиттик ( өздүк жана кошулмалуу чекиттик дефектер) дефектер кристаллдык торчого сырттан таасир болгон учурда пайда болоору экспериментте далилиденген. Бардык дефектер кристаллдык материалдардын касиетине сөзсүз түрдө таасир этет, кээде ал дефектер ал кристаллдын негизги касиетин аныктоочу дагы болуп калышы мүмкүн. Кристаллдын дефектерден көз карандылык касиетин анын структуралык –сезгичтик касиети деп кароого болот. Мындай структуралык-сезгичтик касиетине электрдик, оптикалык, диффузиялык, магниттик, фотоэлектрдик жана люминесценттик касиеттери кирет. Катуу телолордун структуралык-сезгичтик касиети дефектер менен гана байланышкандыгын баса белгилөөгө болот. Оптикалык материалдарда радиациялык дефектердин пайда болушун жана топтолушун изилдөө конденсацияланган заттардын фундаменталдык касиеттерин түшүнүүдө ото чон мааниге ээ. Түстөнүү борборлорунун микроскопиялык түзүлүшүн жана касиеттерин аныктоо оптикалык материалдардын каалагандай касиеттерин билүү менен аны жасоого мүмкүнчүлүк түзмөк. Андай оптикалык катуу түзүлүштөгү материалдар жыштыгы боюнча башкарылуучу лазерлерде, электрондук эсептөөчү машиналардын эсинде, космос аппараттарында, микроэлектроникада, нанотехнологияда жана дозимтердик куралдарды жасоодо колдонулат. Жегич-галоиддик кристаллдар салттуу түрдө иондоштуруучу нурлануунун дозиметрлери жана сцинтилляциялык детекторлор катары колдонулат жана оптикалык кванттык генераторлорду, оптикалык сактоочу техникалык түзүлүштөрдү иштеп чыгууда чоң кызыгууну  туудурат. Ядролук реакторлордо радиацияга туруктуу материалдарды алуу, бөлмөлүк жана андан жогорку температурада иштөөчү электрондук эсептөө машиналарынын эске тутуучу объекти катары колдонулушу жана дозиметрдик техникаларда радиациялык сезгич материалдардын пайдаланышы катуу заттарды изилдөөнүн актуалдуулугун андан ары жогорулатат. Бул жумушта жегич- галоиддик кристаллдардагы радиациялык дефекттерди изилдөөнүн учурдагы абалы жана актуалдуу маселелери каралды.

Библиографиялык шилтемелер

Воеводин, В. Н. (2007). Конструкционные материалы ядерной энергетики – вызов 21 века. Вопросы атомной науки и техники. Серия “Физика радиационных повреждений и радиационное материаловедение” ((2)), 10–22.

Каденова, Б. А., Арапов, Б., Арапов, Т. Б. & Садырова, М. М. (2012). Группа преобразований в создании наноструктурных дефектов в ионных кристаллах. Международный журнал прикладных и фундаментальных исследований, (11), 48–53.

Каденова, Б. А. & Орозбаева, А. А. (2015). Упругие напряжения в щелочно-галоидных кристаллах. ХI Иссык-Кульской международной летней школе по радиационной физике физика твердого тела. SCORPh, 40–42.

Лисицын, В. М. & Яковлев, А. Н. (2002). Кинетика релаксации первичных пар радиационных дефектов в ионных кристаллах. Физика твердого тела, (11(44)), 1974–1978.

Лисицына, Л. А., Корепанов, В. И. & Лисицын, В. М. (2002). Сравнительный анализ спектральных характеристик триплетных автолокализованных экситонов и F2-центров в щелочногалоидных кристаллах. Физика твердого тела, (22(44)), 2135–2138.

Овчинников, В. В. (2008). Радиационно-динамические эффекты. Возможности формирования уникальных структурных состояний и свойств конденсированных сред. Успехи физических наук, ((9(178)), 991–1001.

Осмоналиев, К. & Арапов, Б. (1999). Люминесценция электронных возбуждений и их распад с образованием дефектов в ионных кристаллах (182).

Убаев, Ж. К., Маратова, А. Г., Шункеев, К. Ш. & Мясникова, Л. Н. (2020). Ав. св. №12980. Цифровая технология сканирования интегральной туннельной люминесценции и термостимулированной люминесценции щелочно галоидных кристаллов.

Шункеев, К. Ш. (2012). Люминесценция и радиационные дефекты в щелочногалоидных кристаллах при понижении симметрии решетки: монография. АГПИ (520).

Жүктөөлөр

Жарыяланды

2025-05-29

Кандай шилтеме берүү керек

Каденова, Б., & Садырова, М. (2025). ЖЕГИЧ – ГАЛОИДДИК КРИСТАЛЛДАРДАГЫ РАДИАЦИЯЛЫК ДЕФЕКТТЕР БОЮНЧА АЙРЫМ ИЗИЛДӨӨЛӨРГӨ АНАЛИЗ. Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Педагогика. Психология, (1(6), 57–65. https://doi.org/10.52754/16948742_1(6)_7-2025

Саны (чыгарылыш)

Бөлүм

КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ТЕОРИЯСЫ ЖАНА ПРАКТИКАСЫ