ИНФОРМАТИКАНЫ ОКУТУУДАГЫ ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТТИН ОРДУ

Авторлор

DOI:

https://doi.org/10.52754/16948742_2(5)_3-2024

Ачкыч сөздөр:

жаңы маалыматтык-коммуникациялык технология, туруктуу өнүгүү максаттары, информатика, жасалма интеллект, маалымат, тексттик генератор

Аннотация

Кайсыл гана коом болбосун, адамзат келечек муунга тарбия берүү жана аларды сапаттуу билим менен камсыздоо маселесин биринчи орунга коюп, билим берүү тармагын жакшыртуунун үстүндө иш алып барышат. Бүгүнкү күндө жаңы маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын өнүгүшү менен аларды окуу процессине интеграциялоо мүмкүнчүлүктөрү кеңейип, окуу процессинде ар түрдүү формаларда колдонулуп, билим берүүнүн ыкмаларын жаңыртууга жана алардын сапатын жогорулатууга чоң мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүүдө. Бул технологиялардын мүмкүнчүлүктөрү күн сайын күтүлбөгөн жаңы ачылыштар менен толукталууда. Айрыкча акыркы жылдардагы жаңы технологиялар жана жасалма интеллект системалары, анын ичинде ChatGPT сыяктуу тексттик интеллектуалдык генераторлор коомдо түрдүү пикирлерди жаратып, ишмердүүлүктүн көптөгөн тармактарындагы өкүлдөрүн ойлонууга мажбур кылууда. Ошондуктан, билим берүү тармагында негизги басым МКТнын мүмкүнчүлүктөрүн эффективдүү пайдалануу аркылуу билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана окуучулардын даярдыгын жакшыртууга багытталат. Бул макалада жасалма интеллект, интернет нерселер (IoT), блокчейн, кошумча жана виртуалдык чындык (AR/VR), ошондой эле чоң маалыматтардын (Big Data) билим берүүдө колдонулуш тенденциялары баса белгиленип, жасалма интеллект жана анын тексттик интеллектуалдык генераторлорунун информатика предметинде пайдаланылышы каралып, информатика предметинде айрым жасалма интеллект куралдарын колдонуу мисалдары келтирилген.

Библиографиялык шилтемелер

Арынбаев Э.К., Турдубаева К.Т. (2023). Информатика предмети аркылуу туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу маселеси. Вестник филиала федерального государственного бюджетного образовательного учреждения высшего образования “Российский государственный социальный университет” в г. Ош Киргизской Республики Российский государственный социальный университет, 1(27).

Кулманбетова С. М. (2011). Жаны маалыматтык технологияны колдонуп окуу процессинде студенттин өз алдынча ишин уюштуруу. Известия вузов, 4.

Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү программасы 2021–2040. (2021).

Кыргыз Республикасында билим берүүнү 2021–2030 - жылдарга карата өнүктүрүүнүн концепциясы (2021).

OpenAI. (2024). ChatGPT. Chat.openai.com; OpenAI. [Электронный ресурс]. URL: https://chat.openai.com/chat

Соболева Е. В. (2010). Использование дидактических возможностей средств ИКТ для развития взаимодействия участников образовательного процесса на уроках информатики. дисс. к.п.н.

Туруктуу өнүгүүнүн максаттары (2024). Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети. [Электронный ресурс]. URL: Www.gov.kg. https://www.gov.kg/ky/p/sustainable_development

Жүктөөлөр

Жарыяланды

2024-12-17

Кандай шилтеме берүү керек

Арынбаев, Э. (2024). ИНФОРМАТИКАНЫ ОКУТУУДАГЫ ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТТИН ОРДУ. Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Педагогика. Психология, (2(5), 25–31. https://doi.org/10.52754/16948742_2(5)_3-2024

Саны (чыгарылыш)

Бөлүм

ОКУТУУНУН ЖАНА ТАРБИЯЛООНУН ТЕОРИЯСЫ ЖАНА МЕТОДИКАСЫ