ӨЗГӨН КҮРҮЧҮ ЖӨНҮНДӨ УЛАМЫШТАР
DOI:
https://doi.org/10.52754/16948653_2024_1_9Ачкыч сөздөр:
Өзгөн, туристтер, күрүч талаалары, Ак Жубаз, Македония, Авиценна, палоо, легендалар, Өзгөн палоо фестивалыАннотация
Учурда Өзгөн тарыхый-архитектуралык музей комплексин ЮНЕСКОнун объектилеринин тизмесине киргизүү боюнча сунуштар даярдалууда. Өзгөн шаары «таанып билүү туризми (маданий-тарыхый таризинде)» номинациясында «Улуу Жибек жолунун Фергана-Сыр-Дарыя коридорунун» кыргызстандык тилкесинде, башка 5 объект менен бирге, өз алдынча туристтик дестинация катары сунушталууда. Өзгөндүн даң¬кынын жана байыркы мурастарынын бири Өзгөн күрүчү болгон, болуп жатат жана боло берет. Анын мазмундуу кенен жана терең тарыхы, сүрөттөрү, Өзгөн күрүчүн даярдоо боюнча мастер-класстар туристтердин көңүлүн бурмак. Азыркы пайдаланылып жаткан күрүч талаалары, суу, энергия менен иштеген Ак Жубаздар - өзгөн күрүчүн чыгарган тегирмендер, ашканалар, аларда аш даярдоо боюнча мастер-класстар, палоо жегендин маданияты, чеберчилиги жана ыкмасы туристтердин кызыгуусун жаратаары бышык. Аларды ооз эки баяндамалар же нарратив менен байланыштырса жакшы болот. Өзгөн тарыхый-архитектуралык музей комплексин өзгөн күрүчүн Өзгөндүн таанымал белгисине же брендине айлантып, Өзгөндү Борбор Азиянын гана эмес, дүйнөнүн гастрономиялык Меккесине айлантса болот! Буга Өзгөн күрүчү жөнүндөгү уламыштарды, баян¬дарды кеңири жайылтуу, пропагандалоо көмөктөшмөк. Биз Өзгөн күрүчүнө байланыштуу бир катар уламыштарды, баяндамаларды, назарыңыздарга сунуштадык.
Библиографиялык шилтемелер
.