ЕВКЛИДДИК МЕЙКИНДИГИНДЕ БӨЛҮКТӨП ЧАГЫЛТУУСУНУН КВАЗИКОШМОК СЫЗЫКТАРЫНЫН ЖАШАШЫ ЖӨНҮНДӨ

Авторлор

  • Матиева Гулбадан Ошский мамлекеттик университети
  • Курбанбаева Нуржамал Нажимидиновна Ош мамлекеттик университети
  • Абдуллаева Чолпонай Хабибуллаевна Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети

DOI:

https://doi.org/10.52754/16948645_2023_1_141

Ачкыч сөздөр:

евклиддик мейкиндик, Френенин репери, Френенин торчосу, бөлүктөп чагылтуу, бөлүштүрүү, квазикошмок сызык.

Аннотация

Изилдөөнүн предмети катары беш ченемдүү евклиддик  мейкиндикти бөлүктөп чагылтуу маселеси каралат. Изилдөөнүн максаты болуп  мейкиндигин бөлүктөп чагылтуунун квазикошмок сызыктарынын жашашынын зарыл жана жетиштүү шарттарын табуу эсептелинет. Изилдөөлөрдө: Картандын сырткы формалар жана  кыймылдуу репер методдору колдонулду.

Бул жумушта евклиддик алты ченемдүү мейкиндикти бөлүктөп чагылтууга тиешелүү маселе каралган.  аймагында ушундай жылма сызыктардын көптүгү берилген: ар бир  чекити аркылуу берилген көптүктүн бирден гана сызыгы өтөт. Ушул сызык үчүн Френенин репери боло тургандай кыймылдуу репер тандалып алынган. Бул репердин координаталык векторлорунун интегралдык сызыктары Френенин торчосун түзүшөт. Ушул торчонун  сызыгынын жанымасында    чекити инварианттык түрдө аныкталат.  чекити  аймагында кыймылга келгенде  чекити өзүнүн  аймагын сызып чыгат. Натыйжада болгондой  бөлүктөп чагылтуусу аныкталат.

Төрт ченемдүү бөлүштүрүүлөргө таандык болушкан сызыктардын  бөлүктөп чагылтуусунун квазикошмок сызыктар болушунун зарыл жана жетиштүү шарттары изилденген

Изилдөөнүн жыйынтыгында төрт ченемдүү бөлүштүрүүлөргө таандык болушкан сызыктардын каралып жаткан  бөлүктөп чагылтуусу үчүн квазикошмок сызыктар болушунун зарыл жана жетиштүү шарттары табылган.Төрт ченемдүү бөлүштүрүүлөргө таандык болушкан сызыктардын  бөлүктөп  чагылтуусунун квазикошмок сызыктары болушунун зарыл жана жетиштүү шарттарын изилдөө макалада алгачкы ирет изилденип жаткандыктан, алынган жыйынтыктар жаңы болуп эсептелинери көрсөтүлгөн. Алынган жыйынтыктар дифференцирленүүчү чагылтуулар теориясында колдонуу үчүн сунушталат.

Библиографиялык шилтемелер

Рашевский, П.К. Риманова геометрия и тензорный анализ [Текст]/ П.К.Рашевский// М. Наука.1967.-С.481-482.

Схоутен, И.А. Введение в новые методы дифференциальной геометрии [Текст]/ И.А.Схоутен, Д.Дж.Стройк. // М. ИЛ.1948.Т.II-348.

Фиников, С.П. Метод внешних форм Картана в дифференциальной геометрии [Текст]/ С.П. Фиников // М-Л.: Госттехиздат,.1948.- 432.

Базылев, В.Т. О многомерных сетях в евклидовом пространстве [Текст]/ В.Т Базылев // Литовский математический сборник,1966.VI.№4.-С.475-491.

Матиева, Г. Геометрия частичных отображений, сетей и распределений евклидова пространства [Текст]/ Г.Матиева // Монография. Ош,2003.-С.212-219.

Базылев, В.Т. О фундаментальных объектах плоских многомерных сетей [Текст]/ В.Т Базылев // / Известия ВУЗов Математика, 1967. – С. 3-11.

Абдуллаева, Ч.Х. Е6 евклиддик мейкиндигинде  түгөйүнүн квази-кошмок сызыгынын жашашынын зарыл жана жетиштүү шарттары [Текст] / [Ч.Х. Абдуллаева, М.Х.Абдулазизова, Б.Т.Адиева и др.] // Наука. Образование. Техника. – Ош: КУМУ, 2021. - №2. -С. 13- 20.

Абдуллаева, Ч.Х. Төрт ченемдүү Е4 евклиддик мейкиндикте  f ,3  түгөйүнүн квазикошмок сызыктарынын жашашы жөнүндө [Текст] / [Ч.А. Мустапакулова, Ж.Алимова, Жакыпбек к.А..] // Наука. Образование. Техника. – Ош: КУМУ, 2022. - №1. -С. 52- 58.

Абдуллаева, Ч.Х. E5 евклиддик мейкиндигинде бөлүктөп чагылтуусунун квазикошмок сызыктарынын жашашынын зарыл жана жетиштүү шарттары [Текст] / [Г.Матиева, Н.Т.Нышанбаева] // Наука. Образование. Техника. – Ош: КУМУ, 2022. - №3(75). -С. 32- 39

Абдуллаева, Ч.Х. E5 евклиддик мейкиндигинде бөлүктөп чагылтуусунун квазикошмок сызыктарынын жашашы жөнүндө [Текст] / [Г.Матиева, Н.О.Рустамова] // Наука. Образование. Техника. – Ош: КУМУ, 2022. - №3(75). -С. 39- 49

Gulbadan Matieva , Existence of quasidouble lines of a pair ( )in Euclidean space E5 Journal of Physics: / [Cholpon Abdullayeva, , Zhyldyz Artykova] // Conference Series , Volume 1988 , Simposium Kebangsaan Sains Matematik ke-28 (SKSM28), 28-29 июля 2021 г., Куантан, Паханг https://iopscience.iop.org/article/10.1088/1742-6596/1988/1/012082 DOI: https://doi.org/10.1088/1742-6596/1988/1/012082

Жүктөөлөр

Жарыяланды

2023-06-30

Кандай шилтеме берүү керек

Матиева , Г., Курбанбаева , Н., & Абдуллаева , Ч. (2023). ЕВКЛИДДИК МЕЙКИНДИГИНДЕ БӨЛҮКТӨП ЧАГЫЛТУУСУНУН КВАЗИКОШМОК СЫЗЫКТАРЫНЫН ЖАШАШЫ ЖӨНҮНДӨ. Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Математика. Физика. Техника, (1(2), 141–152. https://doi.org/10.52754/16948645_2023_1_141

Окшош макалалар

Сиз да жасай аласыз окшош макалалар үчүн кеңейтилген издөөнү баштоо бул макала үчүн.