ТӨРТҮНЧҮ ТАРТИПТЕГИ ЖЕКЕЧЕ ТУУНДУЛУУ ИНТЕГРО-ДИФФЕРЕНЦИАЛДЫК ТЕҢДЕМЕНИН ЧЫГАРЫЛЫШЫН ИЗИЛДӨӨ
DOI:
https://doi.org/10.52754/16948645_2024_1(4)_10Ачкыч сөздөр:
Интегро-дифференциалдык, жекече туундулар, кошумча аргумент кийирүү усулу, баштапкы маселе, интегралдык теңдеме, кысып чагылтуу принцибиАннотация
Акыркы мезгилде кыргыз окумуштуулары тарабынан иштелип чыккан кошумча аргумент кийирүү усулунун колдонуу областары кеңейүүдө. Кошумча аргумент кийирүү усулу жекече туундулуу дифференциалдык теңдемелердин ар кандай түрлөрүн интегралдык теңдемелерге келтирүүгө негизги мүмкүнчүлүктөрдү берет. Бул макалада биз төртүнчү тартиптеги жекече туундулуу интегро-дифференциалдык теңдеме үчүн бул усулду колдонууну карайбыз. Кошумча аргумент кийирүү усулунун жардамында төртүнчү тартиптеги жекече туундулуу интегро-дифференциалдык теңдеме үчүн баштапкы маселе интегралдык теңдемеге келтирилет. Төртүнчү тартиптеги жекече туундулуу интегро-дифференциалдык теңдеме үчүн баштапкы маселеге эквиваленттүү болгон интегралдык теңдеменин чыгарылышынын жашашынын жана жалгыздыгынын жетиштүү шарттары кысып чагылтуу принцибинин жардамы менен алынган.
Библиографиялык шилтемелер
Аширбаева А.Ж. Решение нелинейных дифференциальных и интегро-дифференциальных уравнений в частных производных высокого порядка методом дополнительного аргумента. – Бишкек: Илим, 2013. – 134 с.
Аширбаева А.Ж. Решение нелинейного интегро-дифференциального уравнения в частных производных второго порядка гиперболического типа /Аширбаева А.Ж., Жолдошева Ч.Б. // Вестник ОшГУ, Серия естественных и медицинских наук. – 2012. – № 2. – Вып. 1. – С. 144–149.
Аширбаева А.Ж. Исследование решений интегро-дифференциального уравнения в частных производных четвертого порядка /Аширбаева А.Ж., Жолдошева Ч.Б. // Вестник ОшГУ, Серия естественных и медицинских наук. – 2012. – № 2. – Вып. 1. – С. 150–153.
Аширбаева А.Ж. Новый способ построения решений уравнений в частных производных четвертого порядка гиперболического типа / Аширбаева А.Ж., Мамазиаева Э.А. // Евразийское научное объединение. – 2019.– №2-1(48). – С.6-9.