ФОЛЬКЛОР – УЛУТТУК ӨНӨРДҮН КӨРӨҢГӨСҮ
DOI:
https://doi.org/10.52754/16948823_2023_2(2)_5Ачкыч сөздөр:
чыгармачылык, талант, үйлөмө аспаптар, аткаруучулук, сыбызгы, чопо-чоор, улуттук генезис, эл чыгармачылыгыАннотация
Бул эмгекте адамдын колуна урунган ташты, топуракты, жыгач-отунду жана аны кармануудагы аң-сезимдин материалдык жана материалдык эмес маданияттарынын жаралуусуна маани бергибиз келди. Анда, элдин колуна эмерек катары карманып, жашоосунда курал-аспап сыпатында сакталып калган өнөрдүн сакталуу ыкмаларын, жөрөлгө-өбөлгөлөрүн, күнүмдүк колдонуп жүргөн эмеректердин жардамында жандуу чыгармачылыгы, адамдын жашоосунда түздөн-түз таасирин этүүчү урунттарды табууга далалат жасадык. Аң-сезимдин калыптанышында парасаттуулукка, улуттук көрөңгөлөрдүн таасири астында маданияттуулукка кептелип калган адам, андан кийинки жашоосун ата-бабаларыбыздын асыл-ой, ак эмгектеринин салттык эрежесин кармануу менен учук улап келгенин бүгүнкү күндүн фольклор жыйнагынан байкоого болот. Фольклор – үй. “Үй” - руханий жана материалдык маданияттын негизги ордосу. Андагы үрп-адат, каада салттардын жардамы менен улуттун жүзү, барлыгы, улуттар аралык байланышы аныкталып турат. Ал формасын өзгөртүү менен түрдүү доорду ээлеп, кылымдын алмашуусуна жаңырык катары кызматын жаңылап келет. Алсак, таш доорунда – жаргылчак таш,таш кесе; коло доорунда – жез най, феодалдык доордо – керней-сурнай, сыбызгы ж.б.у.с. Доордун алмашышы менен элдин “журт” ордун тактап, улуттук көрөңгөсүн сактаганга көмөкчү болот. Улуттук аспаптар улуттук-фольклордук чыгармачылыктын короосуна топтолот, жаңылануудагы башат болуп, аткаруучулукта рухий кабылдоодо таасирин берип келет.
Библиографиялык шилтемелер
Абрамзон С.М. Очерки культуры Кыргызского народа. – Ф., 1946.
Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.
Алишерова, Э.Ө. (2021). Кыргыз фольклорундагы эмгек ырларын элдик педагогикалык негизде окутуу. Вестник Ошского государственного университета, Vol. 2, No. 4, сс. 688-693. DOI: 10.52754/16947452_2021_2_4_688. EDN: BQMBFS.
Айтманбетов Д. Культура киргизского народа во второй половине XIX- начало XX века. – Ф., 1967.
Бекбоев И.Б.”Маданият таануу” Бишкек-2007.
Боронбаев А.Ж. “Маданият таануу” Ош – 2015.
Жамгырчиева, Г.Т. (2021). Азыркы фольклортаануунун айрым актуалдуу маселелери. Вестник Ошского государственного университета, Vol. 2, No. 3, сс. 14-19. DOI: 10.52754/16947452_2021_2_3_14. EDN: KGXESO.
Жумагулов М.Ж., Садыкова Г.Э. «Маданият таануу» . – Бишкек 2017
https://gosstroy.gov.kg › uploads › reestr-licenziy / чебер уста Нурлан Нышанов).