ГЕРАЛЬДИКА ТҮШҮНҮГҮ ЖАНА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ГЕРБИНИН МААНИСИ ЖӨНҮНДӨ

Авторлор

  • Кубанычбек Исаков Ош мамлекеттик университети https://orcid.org/0009-0007-2035-0453
  • Рая Бабакулова Ош мамлекеттик университети

DOI:

https://doi.org/10.52754/16948823_2023_2(2)_1

Ачкыч сөздөр:

бренд, геральдика, герб, генеалогия, идентификация, символика, сфрагистика, нумизматика, эмблема

Аннотация

Макалада жалпы гербдер, өзгөчө эн тамгалар, белгилер, тарыхый эстеликтерге кеңири маани берилген. Алгачкы Берлиндеги геральдикаларды изилдеп үйрөнүүчү атайын кафедра тууралуу маалыматтар чагылдырылган. Россиядагы Петр I нин мезгилинде археология, нумизматика, сфрагистика жана генеалогия илимдери менен биргеликте атайын белгилерди, символикаларды, бренддерди жана гербдерди окуп-үйрөнүү максатында түзүлгөн геральдика изилдөө борборунун ишмердиги чагылдырылган. Гербдер пайда болгонго чейинки найза, желек, тыйын, медалдардын беттеринде ар кандай тотемдик сүрөттөр, символикалар тууралуу маалыматтар берилген. Байыркы мамлекеттер Рим, Греция, Кытай, Индия, Шумер, Акад, Египет, Вавилон сыяктуу мамлекеттерде да өздүк эн тамгаларына, мамлекеттик, жоокердик белгилерине маани берилет. Негизинен макалада бул илимдин пайда болушу, тарых-таржымалы жана таралышынын этаптары жана Эгемендүү Кыргызстандын гербинин жаралуу тарыхы жөнүндө тарыхый-философиялык  анализ жүргүзүлөт.

Библиографиялык шилтемелер

Левандовский А. П. В мире геральдики. — М.: Вече, 2008. — 218 c.

Лукомский В. К., Типольт Н. А. Русская геральдика. — П., 1913.

Медведев М. Ю. Геральдика или истинная наука о гербах. — М.: Гербы и флаги, 2008. — 144 с.

Пастуро М. Геральдика / пер. с фр. А. Кавтаскина. — М.: Астрель: АСТ, 2003. — 144 с.

Жүктөөлөр

Жарыяланды

2023-12-23

Кандай шилтеме берүү керек

Исаков , К., & Бабакулова , Р. (2023). ГЕРАЛЬДИКА ТҮШҮНҮГҮ ЖАНА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ГЕРБИНИН МААНИСИ ЖӨНҮНДӨ. Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Философия. Социология. Политология, (2(2), 1–6. https://doi.org/10.52754/16948823_2023_2(2)_1

Бул автор(лор)дун эң көп окулган макалалары