ИРИ АК ТУКУМДАГЫ ЧОЧКОНУН ЖАМБАШ МУУНУНА ЖАЗУУ ЖАНА АЙЛАНДЫРУУ ТААСИРИН ТИЙГИЗГЕН СООРУ ТОПТОГУ БУЛЧУӉДАРДЫН АНАТОМИЯЛЫК-ТОПОГРАФИЯЛЫК ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ
DOI:
https://doi.org/10.52754/16948696_2024_3(8)_3Ачкыч сөздөр:
ири ак тукумдагы чочко, соору булчуӊдар, арткы аяк, булчуӊдар, жамбаш, капшыт сөөк, көчүк сөөк, кашка жилик сөөгүАннотация
Макалада, «ири ак тукумдагы (насилдеги) чочконун» жамбаш муунду жазычуу булчуӊдарынан (экстензорлордон), соору топтун булчуӊдардын анатомдук өзгөчөлүктөрү көрсөтүлдү. Авторлор тарабынан төмөнкүлөр такталды: биринчиден, соору топтогу булчуӊдар ар түрдү типтерге киришет экен, мисалы, ортоӊку соору булчуӊу – динамикалык (шок) типке, кошумча соору булчуӊу – статодинамикалык экен, ал эми тереӊдеги соору булчуӊу стато-динамикалык типке кирет экен; экинчиден, ар бир булчуӊга өзүнө ылайык кызматы таандык. Илимий изилдөөлөр К.И.Скрябин атындагы Москванын ветеринардык медицина жана биотехнология мамлекеттик академиянын, профессор А.Ф. Климов атындагы, жаныбарлардын анатомия жана гистология кафедрасында аткарылды. Изилдөөлөр үчүн материалы сапатында «ири ак тукумдагы чочконун» секциалык (кесип алынган) материал колдонулду – арткы аяктар (n=10). Буларды таяныч-кыймылдаткыч аппараты сырткы күрүнүшүндө патологиясыз (соо) белгилери менен алынды. Чочконун ар бир соору булчуӊу өзүнө таандык өзгөчөлүктөрүнө ээ болот, ал болсо булардын анатомиясына жана аткарган кызматына жараша өзгөрүлөт экен. Аткарылган изилдөөлөрдүн негизинде авторлор тарабынан «ири ак тукумдагы чочконун» арткы аянттардын булчуӊдарынын функционалдык анатомиясы боюнча тактоолор жана кошумча маалымат киргизилди. Жамбаш жана кашка жилик сөөктөрдүн үстүндө топикалык (жайгашуу) өзгөчөлүктөр көрсөтүлдү, мисалы – «ортоӊку соору булчуӊдун краниалдык жана каудалдык бөлүктөрүнүн сөөккө бекилген аянтчалары», «кошумча соору жана алмурут сымал булчуӊдардын бодуракайлары», жамбаштын капшыт жана көчүк сөөктөрүнүн үстүндө соору булчуӊдар тобунун бекилген аянтчалары так такталды.
Библиографиялык шилтемелер
Зотеев В. С. Эффективность использования циолитовых туфов Ягодзинского месторождения в комбикормах для свиней на откорме /Зотеев В.С., Симонов Г.А., Ищеряков А.С., Кириченко А.В. // Известия Самарской ГСХА. – Самара. – 2011. – Вып. 1. – С. 108-110.
Ильтяков А.В. Метод повышения биологической полноценности мышечной и жировой ткани свиней/ Ильтяков А.В., Миколайчик И.Н., Морозова Л.А., Ступина Е.С.// Аграрный вестник Урала. – 2015. – № 6 (136). – С. 34-37.
Морозова Л.А. Хозяйственно-биологические особенности чистопородных и гибридных свиней канадской селекции/ Морозова Л.А., Ильтяков А.В., Неупокоева А.С. // Научное обеспечение инновационного развития агропромышленного комплекса регионов РФ: материалы международной научно-практической конференции. Курган: Изд-во Курганская ГСХА, 2018. – С. 850 – 853.
Муратова А.Р. Морфофункциональные особенности мышц суставов тазовой конечности у хищных / Муратова А.Р., Лазарева М.В. // Сборник III Всероссийской (национальной) научной конференции «Роль аграрной науки в устойчивом развитии сельских территорий». – 2018. – С. 750-753.
Слесаренко Н.А. Морфофункциональные особенности строения мышц коленного сустава в зависимости от механизма статолокомоторного акта / Слесаренко Н.А., Широкова Е.О., Иванцов В.А. // Иппология и ветеринария. – 2022. - № 1 (43). – С. 160-167.
Слесаренко Н.А. Макро морфологическая характеристика мышц тазобедренного сустава у благородного пятнистого оленя / Слесаренко Н.А., Оганов Э.О., Широкова Е.О. // Известия Самарской государственной сельскохозяйственной академии. – 2023. - № 1 – С. .63-71.
Стратонов, А. С. Морфофункциональная характеристика мускулатуры стило и зейгоподия у свиней породы ландрас в период новорожденности / Стратонов А.С., Щипакин М.В. // Вопросы нормативно-правового регулирования в ветеринарии. – 2016. – № 4. – С. 262-264.
Широкова Е.О. Анатомо-топографические особенности четырёхглавой мышцы бедра у благородного пятнистого оленя /Широкова Е. О., Слесаренко Н. А., Оганов Э. О.// Ветеринария, зоотехния и биотехнология. - 2023. - № 2. - С. 50-59.