КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫНЫН МИСАЛЫНДА АЙМАКТЫК ИШКЕРДИКТИ ӨНҮКТҮРҮҮНҮН НАТЫЙЖАЛУУ ЖОЛДОРУ
DOI:
https://doi.org/10.52754/16948610_2025_1_14Ачкыч сөздөр:
аймактык ишкердик, ишкердикти өнүктүрүү, кызмат көрсөтүү тармагы, божомолдоо, пландаштыруу, инновациялык өндүрүш, инновациялык продуктАннотация
Макалада автор аймактык ишкердиктин көйгөйлөрүн изилдеп, аларды чечүүнүн жолдорун сунуштаган. Ишкердиктин өлкөнүн экономикасындагы ролун аныктоо менен анын маани-маңызын ачып көрсөттү. Аймактык ишкердиктин өзгөчөлүктөрү Жалал-Абад областынын мисалында каралып, областтагы бизнес чөйрөсүнүн жалпы абалына талдоо жүгүзүүнүн негизинде анын өзгөчөлүктөрү аныкталган. Талдоонун жыйынтыгында чакан жана орто бизнес үчүн негизинен кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө өнүгүүсүнө чоң потенциал бар экендигин негиздеген. Автор бул чөйрө ишкердикти жаңыдан баштагандар үчүн да, мурдатан иштеп келгендер үчүн да чоң өлчөмдөгү капиталдык салымдарды талап кылбагандыгы жана капитал кайтарымдуулуктун ылдам жүрүшү менен жагымдуу шарттарды жаратаары белгилейт, ишкердикти өнүктүрүүнүн инновациялык жолун келечектүү деп табат жана муну бир катар далилдер менен негиздейт. Ишканаларда инновациялык өндүрүштү уюштурууну, бул ишти колго алуу үчүн жергиликтүү бийлик органдарынын колдоосу менен жогорку окуу жайларын тартуу аркылуу илимий изилдөөлөрдүн, иштелмелердин жана инновациялардын аймактык борборун уюштурууну сунуш кылып, бул борбордун иш-аракеттеринин болжолдуу тизмесин келтирет.
Библиографиялык шилтемелер
Омошев, Т.Т., Сулайманова, Д.К. (2020). “Модернизация агропромышленной сферы на основе совершенствования инновационных процессов в Кыргызстане”. Известия Иссык-Кульского форума бухгалтеров и аудиторов стран Центральной Азии, № 3 (30), 94-99.
Капарова, Г.Т. (2018). “Кыргыз Республикасынын аймактарынын өнөр жайын өнүктүрүүнүн өзгөчөлүктөрү жана аны каржылоо булактары”. Известия ВУЗов Кыргызстана, № 11, 136-140.
Исманалиев, К.И., Абдуллаева, Н. (2020). “Кыргызстандын аймактарындагы жеңил өнөр жайынын абалы”. Вестник Ошского государственного университета, No. 1-1, 236-241. EDN POULRI.
Аматова, У.О. Марат кызы, Д., Бегали кызы, А. (2021). “Налоговое регулирование экономического развития регионов Кыргызстана как фактор стимулирования занятости”. Вестник Ошского государственного университета, Т. 2, № 1, 21-29. DOI 10.52754/16947452_2021_2_1_21. – EDN VJETGZ.
Арым Кызы, Ж., Маматова, А.А., Шарабидин кызы, А. (2022). “Ишкердик ишмердүүлүк менен алектенүү укугу”. Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Укук. No. 1, 13-23. DOI 10.52754/16948661_2022_1_2. – EDN YYCDKQ.
Интернеттен алынган маалыматтар
КР УСКнын маалыматтары /Электрондук текст // Жеткиликтүүлүк режими: https://stat.gov.kg/ru/opendata/category/39/ (кайрылуу датасы 21.01.2025).
КР нын Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматтары /Электрондук текст // Жеткиликтүүлүк режими: https://mineconom.gov.kg/froala/uploads/file/d8d00042b80e648305869048e895d8c4fca1fb71.pdf (кайрылуу датасы 21.01.2025).
Жалал-Абад областынын социалдык экономикалык абалы. 2023-жылдын январь-декабрь айлары / Электрондук текст // Айлык чыгарылыш. Жеткиликтүүлүк режими: https://stat.gov.kg/ru/statistika-dzhalal-abadskoj-oblasti/ (кайрылуу датасы 21.01.2025).
Жалал-Абад областынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү, 2017-2021-жылдар. Жылдык басылма / Текст / Жалал-Абад, 2022, 43 б.
Жүктөөлөр
Жарыяланды
Версиялар
- 2025-03-25 (2)
- 2025-03-25 (1)


