HOCA AHMED YESEVİ’NİN DİVAN-I HİKMET’NDE İNSAN VE HOŞGÖRÜ

Авторы

  • Sakin PINARBAŞI Ошский государственный университет

Ключевые слова:

Ясавий, түрк, ислам, толеранттуулук, инсан, Ахия

Аннотация

Кожо Ахмат Ясавий, түрк-ислам дүйнөсүндө өзгөчө орду бар, атактуу суфи жана ойчулдардын бири. Ал, XI-XII кылымдарда жашаган жана уникалдуу дүйнө таанымы менен тил, дин, каада-салт, дегеле руханий баалуулуктардын жана түрк-ислам маданиятынын, өзгөчө көчмөн элдер арасында өөрчүп-калыптануусунда жигердүү салымын кошкон. Ал даанышман сөздөрү жана тарбиялаган шакирттери менен, кыска убакыттын ичинде түрк дүйнө таанымын жана маданий жашоосун агартууга жетишкен.
Макалада, Ясавийдин диндик-тасаввуфтук жана адеп-ахлактык принциптерин өз ичине камтыган Дивану Хикмат чыгармасынын негизинде, анын инсан жана толеранттуулук түшүнүгүн талдайбыз. Анткени, XII кылымдан тарта уланып келе жаткан Ясавийлик маданиятынын пайдубалы, жогорудагы эки түшүнүктүн негизинде курулган. Адам баласын материалдык жана моралдык жактан тарбиялоодо, толук кандуу адам, адамгерчилик түшүнүгүнүн калыптануусунда Ясавийдин көз караштарынын ролу чоң. Себеби Ахмат Ясавий үчүн мындай кулк-мүнөз, Жараткандын улуулугуна моюн сунууну буюрат.
Адамдар арасындагы мамилелердин бир туугандык, боорукердик, кечиримдүүлүк, сүйүү жана урматтоо сезимдеринин негизинде куруулусуна басым жасаган Ясавий, мындай аруу сезимдер, толеранттуулук менен ишке ашарын белгилейт. Аллах таала жараткан бардык жандыктар менен таттуу мамиледе жашоого үндөгөн Ахмат Ясавий, муну илахий сүйүү, тактап айтканда, Аллах таалада болгон сүйүүдө биригүү катары көрөт. Макаланын жыйынтыгында, Орто Азиядагы түрк урууларынын ислам динин кабыл алуудагы ролу, жогорудагы эки түшүнүктүн негизинде ачыкталат жана ал толеранттулук, кечиримдүүлүккө ыкталган көз караштары менен, көчмөн түрк урууларына бир туугандык, боорукердик, кечиримдүүлүк, сүйүүнү буюрган ислам динин сүйдүрө алган.

Библиографические ссылки

.

Загрузки

Опубликован

10-06-2012

Как цитировать

PINARBAŞI, S. (2012). HOCA AHMED YESEVİ’NİN DİVAN-I HİKMET’NDE İNSAN VE HOŞGÖRÜ. Научный журнал теологического факультета, (16-17), 43–54. извлечено от https://journal.oshsu.kg/index.php/tfij/article/view/906

Выпуск

Раздел

Статьи