Бул китепче шаарлардын жакшысы- Ош шаарынын өзгөчөлүгү жөнүндө (Бу Рисалеи хайрул-булдан Ош шехринин сыфаты)
Ачкыч сөздөр:
хадистерди ойдон чыгаруу, хижрий жыл, хадистер, М. Яшар КандемирАннотация
Ислам тарыхында хадистерди ойдон чыгаруу иш аракеттери көбүнчө хижрий жыл санактын орто чендеринен башталат. Мындай ойдон чыгарылган хадистер башка тармактарда колдонулуу менен бирге ар түрдүү аймак жана шаарлардын макталуусунда же каралануусунда да колдонулган. Мисалга М. Яшар Кандемир төмөнкүдөй ойдон чыгарылган хадисти берет: «Төрт шаар бейиш шаарларынан саналат. Алар: Мекке, Мадина, Кудус жана Дамаск. Төрт шаар дагы тозок шаарларынан. Алар дагы: Констанинополь, Тувана, Антакя жана Сана».1 Мында кээ бир шаарлар макталган болсо, кээ бирлери болсо караланган. Ал эми кээ бир хадистердин да бир шаар же аймакты мактоо иретинде гана ойдон чыгарылгандыгын көрүүгө болот: «Аллах тааланын Хоросанаймагында Мерв (азыркы Түркмөнстандагы Мары шаары) деп аталган шаары бар. Ал жерди бир тууганым Зулкарнайн (а.с.) курган жана Узейр (а.с.) дагы ал жерде намаз окуган. Шарылдап аккан дайралары жана абдан кенен жери бар. Капкаларынын (дарбазаларынын) ар биринде кылычын кармап турган бир периште турат. Ал кыяматка чейин Мерв элин коргоп турат».2Хадис китептерине жана шаар тарыхтарын баяндаган китептерге дейре кирип калган мындай ойдон чыгарылган хадистердин пайда болуусунда албетте саясий, экономикалык, маданий жана башка кээ бир себептер роль ойногон. Ибн Асаакирдин таанымал «Тариху мадинату дымашк» аттуу эмгеги өз ичине мына ошондой ойдон чыгарылган хадистерди башкача айтканда Дамаск шаарын мактаган хадис рываяттарын камтыган чыгарма болуп саналат. Төмөндө биз которгон Ош шаарын мактаган хадис рываяттарын өз ичине алган эмгек да, дал жогорудагыдай ойдон чыгарылганхадистерди баяндайт. Ош шаары тууралуу Чагатай тилинде жазылган чыгарманын толук аталышы мындай: «Бу рисалейи хайрул булдан Ош шехрини сыфаты». Ал эми мунун кыргыз тилинде мындай берүүгө болот: «Бул китепче шаарлардын жакшысы-Ош шаарынын өзгөчөлүгү (жөнүндө)». Сөзүмдү көп узатпастан аталган китепченин кыргызчасын окурмандарга сунуштоо туура деп ойлойм.Айта кетчү нерсе котормонун жаралуусунда кымбаттуу агайыбыз Профессор Исмаил Хаккы Үналдын «Шехирлерин фазилетийле илгили уйдурма хадислер ве «хайрул-булдан» рисалеси» аттуу макаласы негиз болду.
Библиографиялык шилтемелер
Кандемир, М. Яшар Мевзу Хадислер, Анкара 1980.
Үнал, И. Х,«Шехирлерин фазилетийле илгили уйдурма хадислер ве «хайрул-булдан» рисалеси», Анкара университеси илахият факүлтеси дергиси, 41-т., 1-саны, Анкара 2000, 67-90-б.
Жүктөөлөр
Жарыяланды
Кандай шилтеме берүү керек
Саны (чыгарылыш)
Бөлүм
Лицензия
Copyright (c) 2023 Али Жусубалиев
Бул эмгек Creative Commons лицензиясы менен жеткиликтүү «Attribution» («Атрибуция») 4.0 Жалпы дүйнөлүк.