«Куранды» аңдап түшүнүү методу

Авторлор

DOI:

https://doi.org/10.52754/16947673_2024_35_5

Ачкыч сөздөр:

Куран, метод, тафсир, түшүнүү, фикх, хадис, вахий

Аннотация

«Куранды» туура түшүнүү үчүн зарыл болгон методдору өздөштүрүү максатка ылайыктуу болот. Ар бир тармакта жазылган эмгектин өзүнө ылайыктуу ык-жолдору жана методдору болгондой, «Куранды» да түшүнүү үчүн анын өзүнө тандык болгон методдорун таанып-билүү жана практикалык мааниде өздөштүрүү көндүмү менен ишке ашат.

Ошол эле учурда төмөнкүлөрдү билүүбүз кажет:

  • «Курандын» жер бетине келүүсү;
  • Пайгамбар аркылуу адамзатка жеткирилүүсү жана барактарга жазылуусу:
  • Пайгамбар өзү баш болуп, сахабалардын жана башка ар бир Куран жаттоочунун жадында жатталып сакталуусу;
  • ичиндеги темалардын башка китептерге окшобогон таризде берилиши, өзгөчө бир орунга ээ болуп саналат.

Биздин бул илимий изилдөөбүздүн негизги багыты, мына ушул айтылган өзгөчөлүктөрдү чагылдырган мисалдар менен «Курандын» маани-мазмунун так жеткирүү жана түшүндүрүү методдорун ачып берүү болот. Бул методдор жыйнагын ачык-так түшүндүоүү үчүн белгилүү окумуштуулардын эмгектеринен өрнөктөрдү сунуштайбыз.

Жүктөөлөр

Жарыяланды

2024-06-29

Кандай шилтеме берүү керек

Арипов, Н. (2024). «Куранды» аңдап түшүнүү методу. Теология факультетинин илимий журналы, (35), 93–113. https://doi.org/10.52754/16947673_2024_35_5