Ваххабийликтин сынга алынышы жана салафийлер менен мамилеси
DOI:
https://doi.org/10.52754/16947673_2024_35_2Ачкыч сөздөр:
сүннөт, ваххабийлик, салафийлик, мазхапАннотация
Нечен жылдардан бери мусулмандардын көпчүлүгү тарабынан кабыл алынып келген Ахли сүннөт вал-жамаат мазхабы кеңири тараган аймактарда “ахлу бидъатка” каршы күрөшүүлөр негизинен илимий усулдарды колдонуу менен жүргүзүлгөн. Тарыхта диний маселелердеги ихтилафтардын (түшүнбөстүк, айырмачылык) саясий максатта колдонулушун жана кээ бир ваххабийлик сыяктуу ахлу бидъат фиркалардын кылган иштерин эске албаганда мусулмандар арасында өз пикирин таңуулоодо “зордук зомбулук” методун колдонгондор болгон эмес. Бул макаланы даярдоодо ваххабийликтин таянган булактарын изилдөө жолу менен алардын көз караштарын аныктаган соң, ошол көз караштар, пикирлер тууралуу Ахли сүннөт аалымдарынын да пикирлерине жана талкууларына орун берүү аркылуу сынга алдык. Анткени, окурмандын бул тармакта туура маалымат жана татыктуу, ар тараптуу билим алуусу үчүн мүмкүнчүлүк түзүп берүү милдетибиз.
Жүктөөлөр
Жарыяланды
Кандай шилтеме берүү керек
Саны (чыгарылыш)
Бөлүм
Лицензия
Copyright (c) 2025 Атабек Галмаматов, Мадина Адылбекова
Бул эмгек Creative Commons лицензиясы менен жеткиликтүү «Attribution» («Атрибуция») 4.0 Жалпы дүйнөлүк.