«Куран» аркылуу ыйманга чакыруу ык-усулдары

Авторлор

DOI:

https://doi.org/10.52754/16947673_2024_35_1

Ачкыч сөздөр:

«Куран» китеби, Даъват–чакыруу, дааватчы–чакыруучу, иршад–жетекчилик, муршид–насаатчы, тазкиир–эске салуу, таблиг–жекирүү

Аннотация

Бүгүнкү күндө адам баласы маданий жашоо мейкиндигине «Куранды» бекем жайгаштырып, адамдын ой жүгүртүүсү менен «Курандын» ортосундагы ажырымды жоюу керек. Мындан сырткары, «Куран» адамзаттын жашоо мазмунуна айланбаса,  бул дүйнөгө келген максатын, багытын жана принцибин жоготуп коёт. Канткенде адам баласынын жашоосу үчүн «Куран» эң маанилүү булак боло алат? Албетте, ар бир адам Аллага ыйман келтирүү сезимин жүрөгүнө жайгаштыруусу зарыл. Ыймандын жүрөктө түнөк алышында илахий (асмандык) китептердин мааниси, ролу зор.

«Курандын» ийгилиги андагы ык-усулдун эффективдүүлүгү жана таасирдүүлүгү менен шартталган. Бул методиканын натыйжалуулугу биздин да көңүлүбүздү бурду. Ошондуктан, бул теманы өз алдынча кеңири изилдөөнү көздөп, «Куранды» мүмкүн болушунча толук жана так түшүнүү менен башкаларга да терең жеткирүү аракети башталды. Так ушул максат менен ушул макала жазылды. «Куранды» адамдарга жеткирүү иш-аракетинде өзүнө тиешелүү ички ык-усулдарга кайрылып, алардын эффективдүү колдонулганына талдоолор жүргүзүлөт.

Жүктөөлөр

Жарыяланды

2024-06-29

Кандай шилтеме берүү керек

Арипов, Н. (2024). «Куран» аркылуу ыйманга чакыруу ык-усулдары. Теология факультетинин илимий журналы, (35), 9–32. https://doi.org/10.52754/16947673_2024_35_1