КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ МЕКТЕПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫНЫН УЧУРДАГЫ АБАЛЫ: ӨНҮГҮҮ КЕЛЕЧЕГИ ЖАНА 12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮГӨ ӨТҮҮДӨГҮ КЫЙЫНЧЫЛЫКТАР
DOI:
https://doi.org/10.52754/16948742_1(8)_10-2026Ачкыч сөздөр:
мектеп билим берүү системасынын структурасы, 12 жылдык мектеп билим берүү концепциясы, өнүгүү келечеги, башкаруу, модернизациялоо, инфраструктураАннотация
Макаланын максаты 2014–2026-жылдар аралыгындагы Кыргыз Республикасынын азыркы мектептик билим берүү системасынын абалын изилдөө болуп саналат. Изилдөөдө мектептердин алдында турган көйгөйлөр аныкталып, аларды чечүү жолдору жана билим берүү тармагын өнүктүрүүнүн келечеги белгиленген. Изилдөөнүн жүрүшүндө мамлекеттик мектептер өлкөдөгү бардык окуу жайлардын болжол менен 90%ын түзүп, жалпы билим берүү системасында үстөмдүк кылуусун улантып жаткандыгы, ошондой эле өлкөдөгү билим берүү кызматтарын диверсификациялоодо маанилүү роль ойногон жеке менчик жалпы билим берүү мекемелеринин үлүшү 10%га жетип, өсүү тенденциясы байкалгандыгы аныкталган. Кыргызстандын региондору боюнча билим берүү мекемелеринин бөлүнүшүн талдоо демографиялык жана экономикалык факторлорго байланыштуу аймактык айырмачылыктарды айкындады. 12 жылдык мектептик билим берүүгө этап-этабы менен өтүү шартында ар кандай долбоорлор ишке ашырылууда, санариптик технологиялар, электрондук журналдар киргизилип, мультимедиялык класстар жана «Тунгуч» онлайн-мектеби пайда болууда. Бул чет өлкөдө жүргөн же өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар балдар үчүн кыргызстандык билим берүүнү жеткиликтүү кылып, аны эл аралык сапат стандарттарына жакындатты. Изилдөө көрсөткөндөй, мамлекет тарабынан көрүлгөн чараларга (жаңы мектептердин курулушу жана окуу процессин башкарууну санариптештирүү) карабастан, билим берүү системасы инфраструктуранын бирдей эмес өнүгүшү, бир класстагы окуучулардын саны боюнча санитардык нормалардын ашып кетиши, квалификациялуу кадрлардын жетишсиздиги жана алыскы региондордо азыркы билим берүү ресурстарына жеткиликтүүлүктүн чектелүүлүгү сыяктуу олуттуу көйгөйлөргө дуушар болууда. Макаланын авторлору өлкөнүн бардык окуучулары үчүн сапаттуу билим алууга бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу үчүн бул көйгөйлөрдү чечүү зарылдыгын, ошондой эле республиканын мектептери үчүн педагог кадрларды даярдоону ишке ашырган жогорку окуу жайлардын профилдик методикалык кафедраларынын ролун күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешет.
Библиографиялык шилтемелер
Абдрашев, А. Б. (2016). Перспективы и проблемы вузовского образования в Кыргызской Республике. Наука, техника и образование, 2(20), 149–154.
Добаев, К. (2015). Система школьного образования: определение статус-кво. Akipress. [Электронный ресурс]. URL: https://mnenie.akipress.org/unews/un_post:4102/?from=mnenie&place=authors
Закон Кыргызской Республики «Об образовании» от 11 августа 2023 года №179. (2023).
Калдыбаев, С. К. (2016). Непрерывное образование как условие развития современного общества. Alatoo Academic Studies, 3, 343–349.
Калдыбаева, А. Т., Абдыкапарова, А. О., Асанова, М., Садыкова, Н. Ж. & Турсункулова, С. И. (2025). Кыргызстандын 12 жылдык билим берүү системасынын алкагында дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине интеграциялануусу. Вестник ошского государственного университета. Педагогика. Психология, 2(7), 71–78. DOI: https://doi.org/10.52754/16948742_2(7)_8-2025
Концепция развития образования в Кыргызской Республике с 2021–2030 гг. (2021). [Электронный ресурс]. URL: https://edu.gov.kg/media/files/118d4b79-d6ea-4648-9c1c-56280444e7fd.pdf
Мирзоева, Н. Р. (2022). Повышение качества образования в школах нового типа. Вестник Педагогического университета, 1(96), 28–31.
О стратегических направлениях развития системы образования в Кыргызской Республике (2012) Постановление Правительства Кыргызской Республики № 201 от 23 марта 2012 г.
План действий «Алтын Казык» до 2026 г. (2025) По реализации Программы развития образования в Кыргызской Республике на 2021-2040 годы: утвержден распоряжением Кабинета Министров КР № 111-р. от 25 февраля 2025 г. [Электронный ресурс]. URL: https://cbd.minjust.gov.kg/44-153/edition/28275/ru
Управление образовательной системой в Кыргызской Республике (2016). Аналитический обзор [Электронный ресурс]. URL: http://monitoring.edu.kg/wp-content/uploads/2016/11/management.pdf
