ИНКЛЮЗИВДҮҮ БИЛИМ БЕРҮҮ ЧӨЙРӨСҮНДӨ ИШТӨӨГӨ ПЕДАГОГДОРДУН ДАЯРДЫГЫН КАЛЫПТАНДЫРУУ: КВАЛИФИКАЦИЯНЫ ЖОГОРУЛАТУУНУН ОНЛАЙН-КУРСУНУН НАТЫЙЖАЛУУЛУГУН ТАЛДОО
DOI:
https://doi.org/10.52754/16948742_1(8)_8-2026Ачкыч сөздөр:
инклюзивдүү билим берүү, квалификацияны жогорулатуу, майыптуулуктун социалдык модели, өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар балдар, индивидуалдык окутуу планыАннотация
Макалада инклюзивдүү билим берүү чөйрөсүндө иштөөгө педагогдордун кесиптик даярдыгын калыптандыруу маселеси каралат. Изилдөөнүн актуалдуулугу инклюзивдүү билим берүүнү өнүктүрүүгө болгон мамлекеттик жана коомдук талап менен педагогдордун инклюзивдүү практиканы ишке ашырууга даярдыгынын жетишсиздигинин ортосундагы карама-каршылык менен шартталган. Изилдөөнүн эмпирикалык негизин Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мектептеринин жана коррекциялык класстарынын педагогдору үчүн өткөрүлгөн «Инклюзивдүү билим берүүнү уюштуруунун методикалык ыкмалары» аттуу онлайн квалификацияны жогорулатуу курсунун материалдары түздү. Макаланын максаты — онлайн-курстун педагогдордун инклюзияга даярдыгын когнитивдик, практикалык-методикалык жана баалуулук компоненттеринин өзгөрүшү аркылуу калыптандыруудагы натыйжалуулугун талдоо. Изилдөөдө теориялык талдоо, курс программасын талдоо, кириш жана жыйынтык тестирлөөнүн салыштырма талдоосу, алынган натыйжаларды сапаттык интерпретациялоо методдору колдонулду.
Библиографиялык шилтемелер
Аналитический отчет (2025). Отчет о проведении курса повышения квалификации для педагогов на тему: «Методические подходы к организации инклюзивного образования».
Всемирный доклад по мониторингу образования (2020). [Электронный ресурс]. URL: https://goo.su/ThzZWx
Государственная программа «Доступная страна» на 2023–2030 годы (2023) Министерство труда, социального обеспечения и миграции Кыргызской Республики.
Inclusion and education: all means all (2020). Global Education Monitoring Report 2020. UNESCO.
Конвенция ООН о правах инвалидов (2006) [Электронный ресурс]. URL: https://goo.su/gy6OBn
Саламанская декларация и рамки действий [Электронный ресурс]. URL: https://goo.su/mmtVV
Universal Design for Learning (2024) CAST. [Electronic resource]. URL: https://www.cast.org/what-we-do/universal-design-for-learning/
