СОВЕТТИК АГАРТУУЧУЛАРДЫН ОКУУЛАРЫ АРКЫЛУУ ПЕДАГОГИКАЛЫК МЕНЕДЖМЕНТИНИН НЕГИЗДЕЛИШИНИН ТАРЫХЫ

Авторлор

  • Турсун Тажибаевич Субанов А. Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети https://orcid.org/0000-0003-3559-8295
  • Бекмурза Бекболотович Зулуев А. Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети https://orcid.org/0009-0009-1348-5186

DOI:

https://doi.org/10.52754/16948742_2(7)_12-2025

Ачкыч сөздөр:

педагогикалык ой-пикир, билим берүүнү башкаруу, Ф. У. Тейлордун окуулары, улуттук педагогикалык маданият, советтик педагогикалык менеджмент

Аннотация

Бизге белгилүү болгондой, Кыргызстан көз карандысыздыкка ээ болгондон бери жаштарды улуттук идеологиянын негизинде окутуу жана тарбиялоо маселелери каралып келет. "Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн 2018–2040-жылдарга карата улуттук стратегиясынын" негизинде, 2021-жылы өлкөнүн башкаруу органдары тарабынан жаштарды тарбиялоодогу улуттук идеологиянын абалын жакшыртуу максатында "Кыргыз Республикасында мектеп окуучуларын жана жаштарды тарбиялоонун 2021–2030-жылдарга карата концепциясы" иштелип чыккан. Муну менен катар, кийинчерээк Кыргыз Республикасынын Президентинин "Улуттук нарк – дүйнөлүк бийиктик" жөнүндө Жарлыгы жарык көрдү. Мына ошондуктан, элге билим берүү органдарынын, педагогдордун жана педагогика илиминин ишмерлеринин алдында жаңы, татаал милдеттер турат. Азыркы учурда жарлыктарга ылайык, кесиптик окуу жайлар билим берүү маселелерин илимий негизде изилдеп жатышат. Буга байланыштуу билим берүү мекемелеринин тарыхый тажрыйбасынын жана педагогиканын мааниси жогорулоодо. Педагогдордун бир нече муунунун эмгеги менен топтолгон жана убакыттын сыноосунан өткөн бардык баалуулуктар ата мекендик педагогика илимин аяр сактоо аркылуу активдүү колдонулушу керек. Ошондуктан, азыркы педагогдор үчүн тарбиялоонун формаларын ата мекендик педагогика илиминин тажрыйбасы аркылуу изилдөө зарылчылыгы келип чыгууда. Тарых барактарынан белгилүү болгондой, совет доорундагы алгачкы элге билим берүү системасынын калыптанышына бир нече педагогикалык агымдар таасир эткен. Ал жылдары бул агымдардын өкүлдөрү катары Н. К. Крупскаянын, С. Т. Шацкийдин "Эмгек мектеби", А. С. Макаренконун, В. А. Сухомлинскийдин "Классикалык педагогикалык мектеби", Ш. Амонашвилинин, Е. Ильиндин, В. Шаталовдун "Кызматташтык педагогикасы мектеби" жана Л. С. Выготскийдин, А. Н. Леонтьевдин, С. Л. Рубинштейндин "Психологиялык-педагогикалык мектеби" саналган. Ошентип, макалада ата мекендик педагогикалык агымдардын негизинде пайда болгон Кыргызстандын алгачкы советтик агартуучуларынын (К. Кулдашев, П. С. Дадабаева, А. Э. Измайлов ж.б.) педагогикалык менеджментинин калыптануу тарыхын изилдөө бүгүнкү күндүн актуалдуу маселелеринин бири болуп саналат.

Библиографиялык шилтемелер

Балтабаев, М. Р. (1984). Кыргызстанда элге билим берүүнүн жана педагогика илимдеринин өнүгүшү. Эл агартуу

журнал, (7), 64.

Бейшембиев, Э. Д., Болджурова, И. С., Джунушалиев, Д. Д., Мокрынин, В. П., Плоских, В. М., & Сыдыкова, Л. Ч. (2004). Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхына киришүү (320).

Брянцева, М. В., & Виттенбек, В. К. (2019). Советтик билим берүү системасын жаратуудагы Н. К. Крупскаянын ролу: тарых жана азыркы учуру. “Учурдагы билим берүүнүн көйгөйлөрү” интернет-журналы, (6), 133–144.

Дадабаева, П. С. (1966). Кыргыз Совет мектебиндеги окуучулардын коомдук пайдалуу эмгеги (1918-1964-жж.) (138).

Измайлов, А. Э. (1953) Кыргызстандагы советтик мектептин жана педагогиканын тарыхы. канд. дисс. автореф.

https://ana-yurt.com/qrt/content/aziz-eminovich-izmaylov

Измайлов, А. Э. (1959) Кыргызстандагы советтик мектептин жана педагогиканын тарыхы. докт. дисс. автореф. https://ana-yurt.com/qrt/content/aziz-eminovich-izmaylov

Каниметов, А. К. (1972). Советтик Кыргызстандын жарым кылымда элдик билим алуусу. Фрунзе.

Крупская, Н. К. (1958). Педагогикалык жазуулар. Педагогиканын жалпы суроолору. СССРде элге билим берүүнү уюштуруу, (10(2)).

Ленин, В. И. (1926). Жазуулар. РКП (б) БК караштуу Ленин институту.

Луначарский, А. В. (1924). Толстой жана Маркс (49).

Луначарский, А. В. (1925). Элдик билим берүүнүн көйгөйлөрү, (224).

Субакожоева, Ч. Т. (2022). “Манас” эпосу Ч. Айтматовдун чыгармаларындагы илхамдын булагы катары. Дагестан мамлекеттик университетинин жарчысы. 2 сериясы. Гуманитардык илимдер, (37), 105.

Ташевская, Т. К. (1957). Кыргызстандагы аялдардын билим алуусу (1918-1950) Окумуштуулардын жазуулары.

Чернышевский, Н. Г. (1928). Макалалар (112).

Эл комисары А. В. Луначарскийдин Петрограддагы эстелигинин ачылышындагы суйлогон сөзү (1918) Александр Николаевич Радищев — революциянын биринчи пайгамбары жана шейити. Петроград: Жумушчулардын жана кызыл аскерлердин депутаттарынын Петроград кеңеши, (20).

Жүктөөлөр

Жарыяланды

2025-12-29

Кандай шилтеме берүү керек

Субанов, Т. Т., & Зулуев, Б. Б. (2025). СОВЕТТИК АГАРТУУЧУЛАРДЫН ОКУУЛАРЫ АРКЫЛУУ ПЕДАГОГИКАЛЫК МЕНЕДЖМЕНТИНИН НЕГИЗДЕЛИШИНИН ТАРЫХЫ. Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Педагогика. Психология, (2(7), 107–117. https://doi.org/10.52754/16948742_2(7)_12-2025

Саны (чыгарылыш)

Бөлүм

БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ МЕНЕДЖМЕНТ