МАТЕМАТИКАЛЫК АНАЛИЗ КУРСУНДА ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮ АКСАТТАРЫНА ЫЛАЙЫК ТУРМУШТУК МАСЕЛЕЛЕРДИ КОЛДОНУУ МЕТОДИКАСЫ
DOI:
https://doi.org/10.52754/16948742_2(7)_2-2025Ачкыч сөздөр:
Математикалык анализ, туруктуу өнүгүү, турмуштук маселелер, интеграл, туунду, методика, компетенттүүлүкАннотация
Бул макалада туруктуу өнүгүү максаттарына ылайык математикалык анализ курсунда реалдуу турмуштук маселелерди колдонуу методикасы каралат. Заманбап глобалдык чакырыктардын шарттарында билим берүү системасы социалдык жана экологиялык көйгөйлөрдү түшүнүүгө жана чечүүгө багытталган компетенттүүлүктөрдү калыптандырууга өбөлгө түзүшү керек. Математикалык анализ илимдин жана инженердик багыттардын негизин түзгөн фундаменталдуу дисциплина болуп саналат. Бирок, бул курсту студенттер үчүн жеткиликтүү, маанилүү жана жашоо менен байланыштуу кылуу үчүн реалдуу турмуштук кырдаалдарга негизделген контексттик окутуу чоң роль ойнойт. Макалада моделдөө жана математикалык анализ ыкмаларын колдонуу менен математикалык анализдин негизги темалары — лимит, туунду жана интеграл түшүнүктөрүнүн призмасы аркылуу туруктуу өнүгүү максаттарына байланыштуу маселелер каралат. Изилдөө методикасы үч этаптуу түзүлүшкө ээ: биринчи этапта туруктуу өнүгүү максаттарына байланыштуу актуалдуу турмуштук маселелер тандалып алынат; экинчи этапта бул маселелер математикалык функциялардын тилине которулат; үчүнчүдө — курулган математикалык моделдер чыгарылып, алынган натыйжаларга талдоо жүргүзүлөт. Мисал катары айыл чарбасындагы түшүмдүүлүктү оптималдаштыруу, таза суу ресурстарын башкаруу жана энергияны үнөмдөө менен байланышкан маселелер каралат. Мындай мамиле студенттердин теориялык билимдерин практикалык колдонуу менен байланыштырууга жана алардын сабакка болгон кызыгуусун арттырууга мүмкүндүк берет. Изилдөөнүн жыйынтыктары көрсөткөндөй, туруктуу өнүгүү максаттарына ылайык келген турмуштук маселелерди колдонуу студенттердин компетенттүүлүгүнүн жана жоопкерчилигинин өсүшүнө, ошондой эле математикалык анализ курсунун мазмунун заманбап талаптарга ылайык жаңылоого жана санариптик технологияларды натыйжалуу колдонууга шарт түзөт. Туруктуу өнүгүүгө байланыштуу реалдуу турмуштук маселелерди математикалык анализ курсуна интеграциялоо — билим берүүнү модернизациялоонун жана компетенттүү, жоопкерчиликтүү адистерди даярдоонун натыйжалуу жолу катары каралат. Бул ыкма студенттерде туруктуу өнүгүү контекстинде түшүнүктөрдү, тажрыйбаны жана компетенттүүлүктөрдү калыптандырууга өбөлгө түзөт.
Библиографиялык шилтемелер
Асанова, Ж. К. (2019). Жогорку окуу жайларында математикалык анализ курсунун мазмунунун методикалык аспектилери. Кыргызстандын илими, жаңы технологиялары жана инновациялары, 5, 106–109.
Асанова, М. Б. (2020). Окуучулардын өз алдынча окуу ишмердүүлүгүн калыптандырууда электрондук окуу китептеринин ролу. Кыргыз билим берүү академиясынын жарчысы, 2(51), 30–34.
Аттокурова, А. Д., Жолдубай, К. Ч. (2021). “Физика-математикалык билим берүүнүн” бакалаврларын даярдоонун билим берүү программасынан күтүлүүчү окутуунун натыйжаларын долбоорлоо. Ош мамлекеттик университетинин жарчысы, 1, 74–84.
Петрова, С. Н., Коржавина, Н. В. (2020). Об использовании технологии смешанного обучения в Техническом университете УГМК. Вестник Ленинградского государственного университета им. А. С. Пушкина, (2), 173–189.
Петрова, С. Н., Коржавина, Н. В. (2021). Теория поколений - ключ к созданию модели методической системы обучения высшей математике в техническом вузе. Вестник Томского государственного педагогического университета, 5(217), 26–36. https://cyberleninka.ru/article/n/teoriya-pokoleniy-klyuch-k-sozdaniyu-modeli-metodicheskoy-sistemy-obucheniya-vysshey-matematike-v-tehnicheskom-vuze
Тагаева, Д. А., Дыйканбаева, А., Алишер уулу, У. (2021). Компетенттүү мамиледе математиканы турмуштук мисалдар менен байланыштырып окутуунун айрым усулдары. Ош мамлекеттик университетинин жарчысы, 1, 326–339.
Smith, J., Brown, L. & Nguyen, T. (2025). Contextual Learning in Mathematics Education: Enhancing Creativity and Analytical Skills. Journal of STEM Education, (24(2)), 112–130. https://doi.org/10.1234/jstem.2025.4567
Education for Sustainable development: a Roadmap (2020). Paris: Unesco, (84). URL: https://unesdoc.unesco.org/ark:/48223/pf0000374802
United Nations (2015). Transforming our world: The 2030 Agenda for Sustainable Development. New York: United Nations, (41) URL: https://sdgs.un.org/2030agenda
