Журнал жөнүндө
“Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Педагогика. Психология” илимий журналы университеттин илимий журналдарынын импакт-факторун жогорулатуу жана келечекте эл аралык илимий базаларга киргизүү саясатын ишке ашыруу максатында ОшМУнун Окумуштуулар Кеңешинин чечиминин (2022-жылдын 22-декабрындагы № 7-протоколу) негизинде ачылган.
“Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Педагогика. Психология” илимий журналы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинен каттоодон өткөн. Каттоо номуру 10295, 15-июнь 2022-жыл.
Журнал үч тилде –кыргыз, орус жана англис тилдеринде макалаларды жарыялайт. Материалдар акысыз негизде кабыл алынат. Журнал макалаларды жөнөтүү, аларды кароо жана жарыялоо үчүн акы албайт. Автордук сый акы төлөнбөйт.
Журнал жылына 2 жолу чыгат (кошумча атайын чыгарылыштар болушу мүмкүн).