ОКУТУУ КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕГИ 5-КЛАССТЫН АНГЛИС ТИЛИ ОКУУ КИТЕБИНДЕГИ БААЛУУЛУК ОРИЕНТИРЛЕРДИН ШВАРЦ ШКАЛАСЫ БОЮНЧА ТАЛДАНЫШЫ
DOI:
https://doi.org/10.52754/16948742_1(8)_1-2026Ачкыч сөздөр:
баалуулуктар, кыргыз маданияты, англис тили окуу китеби, мектеп, Шварцтын шкаласы, тарбияАннотация
Бул изилдөөнүн максаты — окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн жалпы билим берүүчү мектептердин 5-классы үчүн «Англис тили» окуу китебинин тексттеринде камтылган маданий жана инсандык баалуулуктарды аныктоо жана талдоо болуп саналат. Ар түрдүү маданияттарда таанылган мотивациялык максаттардын универсалдуу типологиясы катары каралган Ш. Шварцтын базалык адамдык баалуулуктар модели изилдөөнүн теориялык негизин түздү. Маалыматтарды топтоо ыкмасы катары сапаттык контент-анализ, ал эми маалыматтарды иштеп чыгуу үчүн сандык чечмелөө элементтери бар сыпаттама талдоо ыкмасы колдонулду. Изилдөөнүн алкагында окуу китебинин диалогдорду, кыска аңгемелерди жана маалыматтык тексттерди камтыган 16 тематикалык бөлүмү талданып чыкты. Баалуулук компоненттерин камтыган бардык фрагменттер Шварцтын типологиясына ылайык баалуулуктардын он категориясы боюнча классификацияланды: бийлик, жетишкендик, гедонизм, стимуляция, өз алдынчалык, универсализм, ак ниеттүүлүк (кайрымдуулук), салт, конформдуулук жана коопсуздук. Ошондой эле ар бир баалуулуктун кездешүү жыштыгы эсептелип, аларга мазмундук чечмелөө жүргүзүлдү. Талдоонун жыйынтыгында тексттерде эң көп жетишкендик, бийлик жана ак ниеттүүлүк баалуулуктары кездешери аныкталды; коопсуздук жана өз алдынчалык баалуулуктары азыраак байкалса, ал эми гедонизм, стимуляция жана конформдуулук категориялары өтө аз деңгээлде көрсөтүлгөн. Алынган маалыматтар англис тили окуу китебинин мазмунунда гуманисттик баалуулуктар менен айкалышкан өзүн-өзү ырастоо жана өзүнөн жогору туруу (самотрансценденттүүлүк) баалуулуктарынын басымдуулук кыларын айгинелейт. Бул болсо окуу китебинин жогорку тарбиялык потенциалын жана Кыргыз Республикасынын көп маданияттуу коомдо маданий өзгөчөлүктү (идентичтүүлүктү) чыңдоого жана толеранттуу инсанды калыптандырууга багытталган билим берүү саясатынын артыкчылыктарына шайкештигин чагылдырат.
Библиографиялык шилтемелер
Абдышева, Ч. А., Балута, О. Р., Фатнева, А. Г., Цуканова, Н. Э. (2017). Английский язык. 5 класс: учебник для школ с кыргызским языком обучения. Аркус.
Алимбеков, А. (2017). Түрк дүйнөсүнүн ойчулдарынын мурастарындагы педагогикалык идеялар. Улуу Тоолор.
Артюшина, Л. А. (2019). Учебный текст как способ фиксации ценностно-смысловой компетенции в содержании учебного материала школьного учебника (на примере предметов учебной программы для основной школы). Вестник Томского государственного университета, 443, 219–224.
Жумгалбеков, А., Өзербаш, М. А. (2023). 6-класс “Кыргыз тили” окуу китебин баалуулуктарды камтуу контекстинде анализдөө. MANAS Sosyal Araştırmalar Dergisi, 12(3), 885–894. DOI: https://doi.org/10.33206/mjss.1241015
Конституция Кыргызской Республики (2021). [Электронный ресурс]. URL: https://cbd.minjust.gov.kg/1-2/edition/1202952/ru
Предметный стандарт “Английский язык” для 5–11 классов общеобразовательных школ Кыргызской Республики (2022), 17–18.
Окольская, Л. А. (2017). Жизненные ценности в учебниках для старшей школы. Вопросы образования, 1, 93–125. URL: https://cyberleninka.ru/article/n/zhiznennye-tsennosti-v-uchebnikah-dlya-starshey-shkoly
Тумонбаева, Г., Арыкбаева, Ч. (2024). Воспитание духовно-нравственных ценностей у школьников Кыргызстана как национальная проблема отечественной педагогики. Вестник Ошского государственного педагогического университета имени А. Мырсабекова, 1(2), 107–114. DOI: https://doi.org/10.56122/.v1i2.197
Турдугулов, А. Т. (2020). Содержание и структура учебников и программ. Известия вузов Кыргызстана, 3, 165–172.
Banks, J. A. (2015). Cultural diversity and education: Foundations, curriculum, and teaching. Pearson Education.
Byram, M. (1997). Teaching and assessing intercultural communicative competence. Multilingual Matters.
Education for sustainable development (2015). [Electronic resource]. URL: https://www.unesco.org/en/sustainable-development/education
Recommendation on Education for Peace and Human Rights, International Understanding, Cooperation, Fundamental Freedoms, Global Citizenship and Sustainable Development (2023). [Electronic resource]. URL: https://www.unesco.org/en/legal-affairs/recommendation-education-peace-and-human-rights-international-understanding-cooperation-fundamental
Schwartz, S. (2012). An Overview of the Schwartz Theory of Basic Values. Psychology and Culture Article, 2(1), 1–20. DOI: https://doi.org/10.9707/2307-0919.1116
Schwartz, S. H. (1992). Universals in the Content and Structure of Values: Theoretical Advances and Empirical Tests in 20 Countries. Advances in Experimental Social Psychology, 25(1), 1–65. DOI: https://doi.org/10.1016/s0065-2601(08)60281-6
