КАЗАХСТАНДАГЫ КЫРГЫЗДАР: ТАРЫХЫЙ-ЭТНОГРАФИЯЛЫК ЖАНА ЭТНОДЕМОГРАФИЯЛЫК ИЗИЛДӨӨ

Авторлор

  • Нуриза Жумакеева Ош мамлекеттик университети

DOI:

https://doi.org/10.52754/16948653_2026_1_26

Ачкыч сөздөр:

казактар, Казахстан, тарых, уруу, эл, каада-салт, маданият

Аннотация

Бул илимий иште Казакстандагы кыргыздардын тарыхый-этнографиялык өнүгүүсү комплекстүү түрдө изилденет. Кыргыздардын Казакстандын аймагына көчүп баруу себептерин, миграциялык толкундардын тарыхый шарттарын жана алардын коомдук-экономикалык, саясий процесстер менен байланышын ачып көрсөтүүгө аракет жасалат. Изилдөөдө байыркы мезгилден азыркы учурга чейинки мезгил камтылып, көчмөн кыргыз урууларынын конуш аймактары, ээлеген чарбанын түрлөрү, социалдык түзүлүшү, үй-бүлөлүк жана коомдук салттары этнографиялык материалдар аркылуу талданат. Автор кыргыздардын жергиликтүү калк менен этномаданий өз ара байланыштарын, өздүк маданий өзөктү сактап калуу аракеттерин, тил, үрп-адат жана диний практикалардагы өзгөрүүлөрдү карайт. Ошондой эле Казакстандагы кыргыздардын бүгүнкү күндөгү демографиялык абалы, улуттук өзгөчөлүктөрдү сактоо көйгөйлөрү жана диаспоралык коомчулуктун өнүгүү багыттары көрсөтүлөт. Илимий иш аймактардагы этнографиялык байкоолорго жана статистикалык маалыматтарга таянып, кыргыз диаспорасынын этномаданий динамикасын терең анализдөөгө аракет жасалды. Натыйжада Казакстандагы кыргыздардын тарыхый тагдыры, этникалык өзгөчөлүктөрү жана азыркы коомдогу орду тууралуу илимий негизделген тыянактар берилет.

Автордун өмүр-баяны

Нуриза Жумакеева , Ош мамлекеттик университети

студент, Ош мамлекеттик университети

 

Библиографиялык шилтемелер

Жусупов Кенеш, Кыргыздар: санжыра, тарых, мурас, салт; Бишкек, “Кыргызстан”, 1993;

Жанышбек Гүлжигит уулу, кыргыз, 27 жашта, соодагер;

Камила Жумабаева, кыргыз, 50 жашта, медайым;

Калдыгүл Теребаева, кыргыз, 67 жашта, пенсионер;

Сыдыкова К. Кыргыз тарыхы. Илимий-тарыхый эмгек; Бишкек, “Бийиктик”, 2003, 800 б.;

Осмонов Ө.Ж., Мырзакматова А.С. Кыргызстан тарыхы: урунттуу учурлар; Бишкек, “Педагогика”, 2000. 208 б.;

https://youtu.be/Oj5mw_WvI-0?si=s2Pawc0XoWPgqP0n

https://kg.archive.kabar.kg/news/kazakstandyk-kyrgyz-kelinder-m-r-n-aiagyna-cheiin-zh-g-n-sh-t/

https://rus.baq.kz/kak-kyrgyzskoe-etnokulturnoe-obedinenie-v-kazahstane-pomogaet-lyudyam-s-osobymi-potrebnostyami_172058

Жүктөөлөр

Жарыяланды

2026-06-15

Кандай шилтеме берүү керек

Жумакеева , Н. (2026). КАЗАХСТАНДАГЫ КЫРГЫЗДАР: ТАРЫХЫЙ-ЭТНОГРАФИЯЛЫК ЖАНА ЭТНОДЕМОГРАФИЯЛЫК ИЗИЛДӨӨ. Чыгыш таануунун маселелери, (1), 272–286. https://doi.org/10.52754/16948653_2026_1_26

Саны (чыгарылыш)

Бөлүм

Статьи