ӨМҮРКУЛ КАРАЕВ – АЛГАЧКЫ КЫРГЫЗ ЧЫГЫШ ТААНУУЧУ ИЛИМПОЗ

Авторлор

DOI:

https://doi.org/10.52754/16948653_2023_2_1

Ачкыч сөздөр:

чыгыш таануучу, араб-перс тилдуу булактар, теги, политогенез, кыргыздар, түрктөр, караханиддер, орто кылымдар, чингизиддердин мамлекеттери

Аннотация

Макала кыргыз элинен чыккан биринчи окумуштуу - чыгыш таануучу, тарых илимдеринин доктору, профессор Өмүркул Караевдин илимий ишмердүүлүгүн чагылдырууда алгачкы кадам болду. Албетте, ал нукура окумуштуу, ырааттуу жана ар тараптуу,  талыкпас  эмгекчилдиги менен кыргыз элинин, Кыргызстандын аймагындагы жана Борбордук Азия чөлкөмүнүн, элдердин, мамлекеттердин байыркы, орто кылымдардагы тарыхы, тарыхый булактары, бир катар элдердин теги, келип чыгышы жана калыптанышы боюнча олуттуу эмгектерди калтырганы баяндалат.  Айрыкча анын кыргыз элинин теги, пайда болушу жана эл катары калыптанышы туурлауу илимий эмгектери  өзгөчө кызыгууну туудурат. Биз үчүн өзгөчө кызыктуусу, анын бир катар эмгектеринде, байыркы, орто кылымдардагы кытай, араб, перс тарыхый булактарында  кыргыз элинин пайда болуу жараяны, “кыргыз” этнониминин чечмелениши, теңир тоолук кыргыздар менен энесайлык кыргыздардын байланышы тууралуу баяндаган эмгектери экендиги талашсыз. Классикалык маанидеги, кыргыздан чыккан биринчи чыгыш таануучу Өмүркул Караев, чыгаан окумуштуу катары IX-XVI кылымдарга таандык болгон, араб, перс тарыхый булактарын терең изилдеп, ар тараптуу анализдеп, кыргыз, орус тилдерине  которгону, ага зор сыймык, урмат, аброй алып келгени кашкайган чындык. Натыйжада ал Кыргызстандын жана кыргыз элинин тарыхы, бир катар түрк мамлекеттери, айрыкча Караханиддердин тарыхы, Борбордук Азиянын кең чөлкөмүндө Чынгыз хандын урпактарынын мамлекеттеринин пайда болуусу, өнүгүүсү жана кыйрашы боюнча фундаменталдык, бир топ олуттуу эмгектерди калтырга¬нын баса белгилөө абзел.

Библиографиялык шилтемелер

Международная научно-практическая конференция «Политогенез и культуроге¬нез средневекового Кыргызстана и сопредельных стран: новые взгляды и перспективы изучения»// НАН КР при поддержке МИЦАИ. –Бишкек, 17 ноября 2022 г.

Караев О.К. “Арабско-персидские источники XII века о кыргызах и Кыргызстане”. Дисс-я. на соискание ученой степени канд-та ист-х наук. –М., 1963 г.

Караев О.К. “История Караханидского каганата (X – начало XIII вв.)”. Дисс-я. на соис¬ка¬ние ученой степени доктора ист-х наук. –Ташкент., 1984 г.

Караев О.К. “Арабские и персидские источники IX–XII веков о киргизах и Киргизии”. -Фрунзе, 1968.

Караев О.К. “История Караханидского каганата”. –Фрунзе, 1983.

Караев О.К. “Моголистан и улус Чагатая”. –Фрунзе, 1973.

Караев О.К. “Чагатайский улус. Государство Хайду. Моголистан”. –Бишкек, 1995.

Караев О.К. “Көк түрктөрдүн тарыхы” – “История синих тюрков”. -Бишкек, 1994.

Караев О.К. “Восточные авторы о кыргызах”. -Бишкек, 1994.

Смадияров, С.А. (2022). Профессор Өмүркул Караев – кыргыздын тунгуч чыгыш таануучу илимпозу. Вопросы востоковедения, (1), 104-107. https://doi.org/10.52754/16948653_2020_1_19. EDN: KGKMFE.

Жүктөөлөр

Жарыяланды

2023-12-26

Кандай шилтеме берүү керек

Абытов, Б. (2023). ӨМҮРКУЛ КАРАЕВ – АЛГАЧКЫ КЫРГЫЗ ЧЫГЫШ ТААНУУЧУ ИЛИМПОЗ. Чыгыш таануунун маселелери, (2), 1–8. https://doi.org/10.52754/16948653_2023_2_1

Саны (чыгарылыш)

Бөлүм

Статьи