БАРДЫК САНАКТУУ ПАРАКОМПАКТУУ КЕҢЕЙҮҮЛӨРДҮН КӨПТҮГҮН ТУРГУЗУУ
DOI:
https://doi.org/10.52754/16948645_2024_1(4)_19Ачкыч сөздөр:
санактуу паракомпактуу кеңейүү, секвенциалдуу толуктуулук, Дьедонне боюнча секвенциалдуу толуктуулук, санактуу предпаракомпактуулук, предуниверсалдуулукАннотация
Жалпы топологиянын борбордук темаларынын бири болуп топологиялык мейкиндиктердин трдүү типтеги кеңейүүлөрү менен байланышкан тема саналат. М. Стоун жалпы топологиядагы эң кызыктуу жана оор көйгөйлөрдөн болуп берилген топологиялык мейкиндиктеги бардык кеңейүүлөрдү изилдөө деп белгилеген. М. Стоундун койгон жалпы көйгөйлөрүнүн негизинде Б. Банашевский кеңейүүлөр теориясынын жалпы маселелерин системалаштырган. П.С. Александров тарабынан компактуу кеңейүүлөрдүн классификациялоо көйгөйү жана топологиялык мейкиндиктердин кеңейүүлөрү жөнүндөгү түрдүү жалпы маселелери коюлган. А.А. Бөрүбаев тарабынан тихоновдук мейкиндиктердин бир калыптуу структуралардын жардамы менен бардык паракомпактуу, күчтүү паракомпактуу, линделёфтук жана Дьедонне боюнча толук кеңейүүлөрүнүн көптүгү тургузулган.
Бул илимий макалада бардык санактуу паракомпактуу кеңейүүлөрдүн көптүгү тургузулган.
Библиографиялык шилтемелер
Борубаев А.А. Равномерные пространства и равномерно непрерывные отображения. Фрунзе: Илим, 1990.
Канетов Б.Э. Некоторые классы равномерных пространств и равномерно непрерывных отображений. Бишкек: КНУ им. Ж. Баласагына, 2013.
Borubaev A.A. Uniform topology and its applications. Bishkek, Ilim, 2021.
Kanetov B., Kanetova D. Characterization of some types of compactness and a construction of index compactness extensions by means of uniform structures. AIP Cof. Proc., Melville. – New York. – 2018. – Vol. 1997. – P. 1-5. DOI: https://doi.org/10.1063/1.5049017