КИЧИНЕ КОЗГОЛУУНУН СИНГУЛЯРДЫК КОЗГОЛГОН ТЕҢДЕМЕНИН ЧЕЧИМИНИН ТУРУКТУУЛУГУНУН УЗАРТЫЛЫШЫНА ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ

Авторлор

  • Абдилазиз Акматов Ош Мамлекеттик Университети

DOI:

https://doi.org/10.52754/16948645_2024_1(4)_4

Ачкыч сөздөр:

кичине козголуу, дифференциалдык теңдеме, туруктуулук, Коши маселеси, кичине параметр, чечим, асимптотика

Аннотация

Жумушта сингулярдык козголгон кадимки дифференциалдык теңдеменин чечиминин изилдөө жараяны каралган. Кичине козголуунун чечимдин узартылышына тийгизген таасири конкреттүү мисалдын жардамында ачылып көрсөтүлгөн. Эгерде кичине козголуу теңдеш нөлгө барабар болсо, анда чыныгы сандар талаасында чечимдин туруктуулугунун узартылышын жетишээрлик чоң боло тургандай кылып баштапкы чекитти тандап алууга болот. Баштапкы чекит туруктуу аралыктан тандалып алынды. Ал эми кичине козголуу нөлдөн айырмалуу болсо, анда комплекстүү аймакка өтүү зарылдыгы келип чыгат. Бул учурда комплекстүү аймактагы деңгээл сызыктардын жайгашуусу чыныгы окту кармабай калат. Тактап айтканда маселенин чечими изилденүүчү аймак жашабайт. Чечимди бул учурда баштапкы чекиттен тарта нөлгө дейре узартуу мүмкүнчүлүгү эле болот.

Библиографиялык шилтемелер

Алыбаев, К.С. Метод линия уровня исследования сингулярно возмущенных уравнений при нарушении условия устойчивости. [Текст] / К.С. Алыбаев // Дисс. … д-ра физ. - мат. наук: 01.01.02. – Бишкек, 2001. – 204 с.

Акматов А.А. Об устойчивости решений сингулярно возмущенных обыкновенных дифференциальных уравнений. [Текст] / А. А. Акматов // Журнал бюллетень науки и практики. Москва. №3. – 2023. – С. 39-46.

Акматов А.А. Сингулярдык козголгон маселенин чечимин изилдөө. [Текст] / А. А. Акматов // Вестник ОшГУ. Ош. №2. – 2021. – С. 26-33.

Каримов С. Исследование решений системы сингулярно возмущенных дифференциальных уравнений, когда собственные значения матрицы имеют мнимые части.[ Текст] / А. А. Акматов // Вестник ОшГУ. – Ош. 2021. №1. – С. 61-69.

Жүктөөлөр

Жарыяланды

2024-06-11

Кандай шилтеме берүү керек

Акматов, А. (2024). КИЧИНЕ КОЗГОЛУУНУН СИНГУЛЯРДЫК КОЗГОЛГОН ТЕҢДЕМЕНИН ЧЕЧИМИНИН ТУРУКТУУЛУГУНУН УЗАРТЫЛЫШЫНА ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ. Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Математика. Физика. Техника, (1(4), 18–23. https://doi.org/10.52754/16948645_2024_1(4)_4