Автордук укук жана лицензиялоо

«Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Медицина» журналындагы макалалардын авторлору эмгектери менен бирге журналга басып чыгаруу укугун өткөрүп беришет, аны Creative Commons Attribution License (CC BY-NC 4.0) лицензиясы менен лицензиялаган болушат. Жарыяланган эмгектин автордук укук ээси болуп басып чыгаруучу – Ош мамлекеттик университети эсептелет.

Кол жазманын авторлугу кол жазманы түзүүгө, идеяны калыптандырууга, макала жазууга, жыйынтыктарды чечмелөөгө түздөн-түз катышкан жана илимий жыйынтыктарды өндүрүүгө чоң салым кошкон изилдөөчүлөргө таандык болушу шарт.

Creative Commons Attribution License лицензиясынын шарттарына ылайык, авторлор өз кол жазмаларына болгон укуктарды сактап калышат, ошол эле учурда башка адамдарга милдеттүү түрдө бул эмгектин авторун көрсөтүү жана бул журналдагы басылмага шилтеме берүү менен аларды эркин жүктөп алууга, колдонууга, кайра басып чыгарууга, өзгөртүүгө, жайылтууга же көчүрүүгө уруксат берет. Журналга шилтеме берилген соң, баардык бул иш-аракеттер үчүн авторлордун же басып чыгаруучунун уруксаты талап кылынбайт.

Авторлор өз макаласын башка булактарда (мисалы, институттук архивдерде, социалдык түйүндөрдө ж.б.) бул журналдагы анын түп нускасына милдеттүү шилтеме берүү менен тарата алышат.