Максаты жана изилдөө тармагы
Журналдын максаты - эл аралык илимий кызматташтыкты өнүктүрүү жана медицинага тиешелүү тармактардагы жаңы билимдерди жана акыркы жетишкендиктерди алмашуу. Ошондой эле адистерди жана бардык кызыкдар тараптарды заманбап медицинанын көйгөйлөрүн чечүүдө кыргызстандык жана чет элдик окумуштуулардын акыркы жетишкендиктери менен тааныштыруу жана жаңы платформаны түзүү:
(а) жаңы баштаган жана тажрыйбалуу окумуштууларды жогорку сапаттагы илимий маалымат менен камсыз кылуу;
(б) жаңы натыйжаларды, идеяларды же перспективаларды тез жайылтуу;
(в) медицина тармагында изилдөөчүлөр менен практиктердин эл аралык кызматташуусуна көмөктөшүү;
(г) эл аралык маалымат базаларында индексациялоо аркылуу кыргыз илимий изилдөөлөрүнүн цитатасын, көрүнүктүүлүгүн, ишенимдүүлүгүн жана беделин жогорулатуу.
"Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Медицина" илимий изилдөөлөрдүн натыйжалары менен байланышкан теориялык, методологиялык жана эмпирикалык салымдарды жана бул натыйжаларды ишке ашыруудагы жетишкендиктерди, ошондой эле медицина тармагындагы башка жаңылыктарды кабыл алат.
Журналдын темасы эксперименталдык, прикладдык, фундаменталдык жана дисциплиналар аралык медициналык илимдердин бардык багыттарын камтыйт.