ЖАРАНДЫК ПРОЦЕССТЕГИ ДОО КОЮУГА УКУКТУУЛУК ЖАНА ДООНУ КАМСЫЗ КЫЛУУ ШАРТТАРЫ
DOI:
https://doi.org/10.52754/16948661_2023_2(3)_14Ачкыч сөздөр:
доо, доогер, жоопкер, юридикалык жак, жаран, мыйзам, соттук коргоо, жарандык процесстик укукАннотация
Макалада жарандык процесстик укутагы доо коюу укугунун орду жана мааниси каралат. Жарандык процесстик укуктун теориясында доо коюу жана доо коюу укугу түшүнүктөрү эң татаал жана талаштуу түшүнүктөрдүн бири. Илимде бул тема актуалдуулукту жаратып, бул түшүнүктөрдүн аныкталышы доонун түшүнүгүнүн мүнөздөмөлөрү менен ажырагыс байланышта, андагы материалдык жана процессуалдык принциптердин өз ара байланышын изилдѳѳнү максат кылат. Илимий изилдѳѳнүн методологиялык негизин илимий таануу ыкмаларынын комплекси түзѳт башкача айтканда, анализ, синтез, индукция, дедукция, салыштырма-укуктук, формалдуу-логикалык жана башкалар. Материалдык мааниде доо коюу укугу – бул соттук коргоого укук деген тыянак чыгарууга болот. Процессуалдык мааниде талап коюу укугу (доо укугу) – бул конкреттүү укуктук талаш-тартышты мыйзамга ылайык чечүү зарылдыгынан соттун алдына коюу укугу. Доого укуктуулук, бир жагынан процесске болгон укуктуулук, экинчи жагынан доогердин жоопкерге коюлган материалдык укуктук талабын канаттандырууга болгон укук. Ошентип, доого укуктуулук дегенибиз, жогоруда көрсөтүлгөн эки укук мүмкүнчүлүгүнөн турган, татаал түшүнүк. Доону сотко коюууга укуктуулуктун шарттары. Сотто доо коюу бул жарандардын жана уюмдардын соттук коргоо үчүн сотко кайрылуу укуктарынын бир формасы. Бул конкреттүү, материалдык- укуктук талаш-тартыш боюнча биринчи инстанциядагы сот адилеттигине укуктуулук дегендикке жатат. Анткени, ишти маңызы боюнча карап чыгып, Кырыз Республикасынын атынан чечим чыгарып, сот адилеттигин ишке ашыру, мыйзамга ылайык биринчи инстанциянын сотторуна гана таандык.Жыйынтыктап айтканда, доону камсыз кылуу-келечекте доогердин пайдасына чыгарыла турган сот чечиминин реалдуу аткарылышына багытталып, сот тарабынан колдонулуучу чаралар. Бул чаралар келечекте доогердин пайдасына чыгарылуучу сот чечиминин реалдуу аткарылышын камсыз кылуучу процесстик, маанилүү кепилдиктердин бири болуп эсептелет.
Библиографиялык шилтемелер
Треушников М.К. Развитие гражданского процессуального права России // Заметки о современном гражданском и арбитражном процессуальном праве. М. Изд-во: Юрид.литература. 2004. С.8
Сорокин В.В. Концепция эволюционного развития правовой системы в переходный период: автореф.Дис.докт. юр. наук./ Екатеринбург. 2013. С.48-51
Ануфриев А.Ю. Теоретические и практические аспекты реализации гражданской процессуальной ответственности: диссертация ... кандидата юридических наук: 12.00.15/ А.Ю. Ануфриев. – Саратов, 2014. С.256
Уксусова Е.Е. Взаимосвязи гражданского процессуального права с правом материальным: проблемы теории и практики / Е.Е. Уксусова //Актуальные проблемы российского права. 2017. № 3. – С. 143 - 153; № 4. – С. 83
Кыргыз Республикасынын жарандык процесстик кодекси 29.12.1999-ж. №146.