ПРОФЕССОР Т. КЕНЕНСАРИЕВДИН КЫРГЫЗСТАНДЫН ТАРЫХЫН ИЗИЛДӨӨГӨ КОШКОН САЛЫМЫ

Авторлор

  • Жээнбек Алымбаев Кыргыз-Түрк “Манас” университети

DOI:

https://doi.org/10.52754/1694867X_2024_1(4)_4

Ачкыч сөздөр:

Кокон хандыгы, Россия империясы, экономикалык саясат, илимий көз караш, кошулуу, тарыхнаама

Аннотация

Макалада профессор Т. Кененсариевдин тарых илимине кошкон салымы жана Кыргызстандын XVIII-XIX кк. тарыхын изилдөөдөгү илимий коз карашына анализ берүүгө аракет жасалат. Макалада белгиленгендей профессор Т. Кененсариев Кыргызстандын Кокон хандыгы жана Россия империясынын доорундагы тарыхын изилдеген, тийиштүү илимий даражага ээ болгон, аталган доорлор боюнча бир канча монографияларды, илимий макалаларды жараткан белгилүү окумуштуу катары белгиленет. Т. Кененсариев Кокон хандыгынын тарыхын жаңы тарыхый өңүттөн кароо менен хандык Фергана өрөөнүнүн калкы тарабынан түзүлгөн орток хандык, кыргыз мамлекеттүлүгүнүн бир формасы катары кароону сунуш кылат. Ал эми оторчулук доордун тарыхын изилдеп жатып, Т. Кененсариев Кыргызстандын Россияга каратылышынын формалары, анын этаптары, уруу башчыларынын орустарга карата болгон мамилелери боюнча жаңы методологиялык көз карашты сунуштаган. Автор, Кыргызстан Россия империясынын курамына эки моделдик келишимдер, бүтүмдөр жана куралдуу басып алуу негизинде кошулгандыгын белгилейт. Макалада Т. Кененсариев XVIII-XIX кк. тарыхы боюнча жаңы тарыхый көз караштарды сунуштаган, постсоветтик доордун тарыхындагы чыгаан окумуштуулардын бири экендиги белгиленет.

Библиографиялык шилтемелер

Кененсариев Т. Кыргыздар жана Кокон хандыгы. – Ош, 1996; ошол эле автор: Алымкул аталык – Ош, 1999; ошол эле автор: Кокандское ханства как форма государственности // Диалог цивилизаций. Вып.3. Развитие государственности в условиях взаимодействия кочевых обществ и оседлых оазисов в зоне Великого шелкового пути.–Бишкек, 2003; ошол эле автор: Кокон хандыгынын тарыхынан...// Кыргыздар.Том.7.- Бишкек, 2011; Кокон хандыгын изилдөө жана кыргыз тарыхнаамасы. Талаш маселелер жана изилдөө преспективалары. // Интернет булак.-2018 февраль; ошол эле автор: The Kyrgyz and Kokand Khanate (Кыргыздар жана Кокон хандыгы) англис тилинде.-Ош,2000.; ошол эле автор: The Kyrgyz and Kokand Khanate (Translated by: Alireza Khodagholipour (Кыргыздар жана Кокон хандыгы) фарси тилинде. - Tehran, 2002.

2 .Сычев Н.В. Книга династий.- М., 2008

Кененсариев; Кокон хандыгын изилдөө жана кыргыз тарыхнаамасы. Талаш маселелер жана изилдөө преспективалары.// https://muras.turmush.kg/unews/un

Бабаджанов Б.М. Кокандская ханство: власть, политика, релегия.-Токио-Ташкент.-2010.

Кененсариев Т. ХIХ кылымдын 50—70-жылдарындагы Кыргызстандагы саясый өнүгүү.// 07.00.02 — Кыргызстандын тарыхы адистиги боюнча тарых илимдеринин доктору окумуштуулук даражасын алуу үчүн жазылган автореферат.—Бишкек,1998; ошол эле автор: Кыргызстан в составе России.//История Кыргызстана с древнейших времен до конца ХIХ в./Программа трансформации гуманитарного образования в Кыргызской Республике.—Бишкек,1996..; ошол эле автор: Кыргызстандын Орусияга каратылышы.—Бишкек,1997; ошол эле автор: Экономическая политика царского правительства в Кыргызстане.-Бишкек, 2009;

Джамгерчинов Б.Д. Присоединение Киргизии к России.— 1959; Усенбаев К.У. Присоединение Южной Киргизии к России.—Фрунзе, 1960.

Кененсариев Т. Кыргызстандын XIX кылымдын 50-70-жылдарындагы саясый өнүгүүсү-Бишкек, 2009.

Кыргызстан оторчулук доорунда(1855-1917)” -Бишкек, -2019

Т.Кененсариев Т. Кокон

Захарова, А. Е. Ош: этнологические аспекты формирования полиэтнического состава населения / А. Е. Захарова // Вестник Ошского государственного университета. – 2021. – Т. 1, № 3. – С. 20-26. – DOI 10.52754/16947452_2021_1_3_20. – EDN RFRRDI.

Жүктөөлөр

Жарыяланды

2024-08-12

Кандай шилтеме берүү керек

Алымбаев , Ж. (2024). ПРОФЕССОР Т. КЕНЕНСАРИЕВДИН КЫРГЫЗСТАНДЫН ТАРЫХЫН ИЗИЛДӨӨГӨ КОШКОН САЛЫМЫ. Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Тарых, (1(4), 20–27. https://doi.org/10.52754/1694867X_2024_1(4)_4