“МАНАС” ЭПОСУНДАГЫ КЫЙМЫЛ, МЕЙКИНДИК ЖАНА УБАКЫТТЫН ИНТЕРПРЕТАЦИЯЛАНЫШЫ
DOI:
https://doi.org/10.52754/16948823_2023_1(1)_5Ачкыч сөздөр:
кыймыл, мейкиндик, убакыт, интерпретация, материя, эмпирикалык, рационалдыкАннотация
Макалада “Манас” эпосунда кыймыл, убакыт, мейкиндиктин чагылдырылышына көңүл бурулуп, бул түшүнүктөрдүн майда эпостордо да орду бар экендиги көрсөтүлүп, алардын маанилери салыштырылып, байыркы кыргыздардын демейки таанып-билүүндө рационалдык, диалектикалык байланыштарда талданышы каралды. Мындай түшүнүктөрдүн байыркы кыргыз элинин көз караштарында жашашы, материянын атрибуттары болгон кыймыл, мейкиндик жана убакыт жөнүндө алардын алгачкы элестөөлөрү бар экендигин туюндуруп турат. Түздөн-түз ассоциацияланышы болбосо да, бул терминдердин маанисин ачып берүүгө жасалган аракеттер, элдик оозеки чыгармалардан ачык байкалат. Чыгармада эпизоддордун мазмуну материянын убакыт менен мейкиндиктин чектелүүсүндө чагылдырылган. Нерсенин кыймылынын убакыт, мейкиндик аралык байланыштары диалектикалык негизде тастыкталган. Ошондой эле, кыргыз элинин таанып-билүүдөгү эмпирикалык деңгээлдеги дүйнө түшүнүүлөрүнүн маңызы демейки тажрыйбадан алынган билимдер менен гана эмес, ой-жүгүртүүнүн жардамында да анализ жүргүзүлгөн.
Жүктөөлөр
Жарыяланды
Версиялар
- 2023-11-15 (4)
- 2023-11-15 (3)
- 2023-11-15 (2)
- 2023-11-15 (1)