“МАНАС” ЭПОСУНДАГЫ КЫЙМЫЛ, МЕЙКИНДИК ЖАНА УБАКЫТТЫН ИНТЕРПРЕТАЦИЯЛАНЫШЫ

Авторлор

  • Рита Юсупова Ош мамлекеттик университети
  • Динара Кочкорова И. Арабаев атындагы КМУ

DOI:

https://doi.org/10.52754/16948823_2023_1(1)_5

Ачкыч сөздөр:

кыймыл, мейкиндик, убакыт, интерпретация, материя, эмпирикалык, рационалдык

Аннотация

Макалада “Манас” эпосунда кыймыл, убакыт, мейкиндиктин чагылдырылышына көңүл бурулуп, бул түшүнүктөрдүн майда эпостордо да орду бар экендиги көрсөтүлүп, алардын маанилери салыштырылып, байыркы кыргыздардын демейки таанып-билүүндө рационалдык, диалектикалык байланыштарда талданышы каралды. Мындай түшүнүктөрдүн байыркы кыргыз элинин көз караштарында жашашы, материянын атрибуттары болгон кыймыл, мейкиндик жана убакыт жөнүндө алардын алгачкы элестөөлөрү бар экендигин туюндуруп турат. Түздөн-түз ассоциацияланышы болбосо да, бул терминдердин маанисин ачып берүүгө жасалган аракеттер, элдик оозеки чыгармалардан ачык байкалат. Чыгармада эпизоддордун мазмуну материянын убакыт менен мейкиндиктин чектелүүсүндө чагылдырылган. Нерсенин кыймылынын убакыт, мейкиндик аралык байланыштары диалектикалык негизде тастыкталган. Ошондой эле, кыргыз элинин таанып-билүүдөгү эмпирикалык деңгээлдеги дүйнө түшүнүүлөрүнүн маңызы демейки тажрыйбадан алынган билимдер менен гана эмес, ой-жүгүртүүнүн жардамында да анализ жүргүзүлгөн.

Библиографиялык шилтемелер

Акмолдоева, Ш. Б. “Манас” ааламы [Текст] / Ш. Б. Акмолдоева. – Бишкек: Илим, 2003. – 160 б.

Аверьянов, А. Н. Системное познание мира [Текст]: метод. проблемы / А. Н Аверьянов. – М.: Кн. по Требованию, 1985. – 263 с.

Дианова, В. М. Россия – Монголия: Культурная идентичность и межкультурное взаимодействие [Текст]: моногр. / В. М Дианова. – Москва-Берлин: Директ-Медиа, 2014. – 471 с.

«Манас» энциклопедиясы [Текст] / башкы ред. А. Карыпкулов. – Бишкек: Кыргыз энцикл. башкы ред., 1995. – 2-т: “Манастын сюжети – Ярупа. – 432 б.

Манас [Текст]: кыргыз элинин баатырдык эпосу / Саякбай Каралаевдин варианты боюнча. – Бишкек: Кыргызстан, 1995. – II - китеп. – 448 б.

Манас [Текст]: эпос / Сагымбай Орозбак уулунун варианты боюнча; башкы ред. Ч. Т. Айтматов. – Фрунзе: Кыргызстан, 1981. – 3 - китеп. – 348 б.

Манас [Текст]: эпос ∕ Сагымбай Орозбак уулунун варианты боюнча; башкы ред. Ч. Айтматов. – Фрунзе: Кыргызстан, 1979. –2 - китеп. – 452 б.

Ормонов Т. Педагогическая «пансофия» киргизского народа// Советская педагогика. - 1978, - № 1. - С. 128.

Исмаилова, С. Ж. “Манас” эпосунун кыргыз элинин турмушунан алган орду / С. Ж. Исмаилова // Вестник Ошского государственного университета. – 2021. – Vol. 2, No. 4. – P. 190-196. – DOI 10.52754/16947452_2021_2_4_190. – EDN: UTISXK.

Эр Төштүк [Текст]: эпос / С. Каралаевдин айтуусу боюнча; жалпы ред. А. Акматалиев. – Бишкек: Шам, 1996. – 447 б. – (Эл адабият сер. 2-т.).

Жүктөөлөр

Жарыяланды

2023-11-15 — Жаңыланды 2023-11-15

Версиялар

Кандай шилтеме берүү керек

Юсупова , Р., & Кочкорова , Д. (2023). “МАНАС” ЭПОСУНДАГЫ КЫЙМЫЛ, МЕЙКИНДИК ЖАНА УБАКЫТТЫН ИНТЕРПРЕТАЦИЯЛАНЫШЫ. Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Философия. Социология. Политология, (1(1), 33–41. https://doi.org/10.52754/16948823_2023_1(1)_5