СУФИЗМ ЭСТЕТИКАСЫНДАГЫ МУЗЫКАЛЫК ИСКУССТВОНУН РЕФЛЕКЦИЯСЫ

Авторлор

  • Эламан Жалалов Ош мамлекеттик университети
  • Охиста Назарова Ош мамлекеттик университети
  • Турдугүл Карыбекова Ош мамлекеттик университети

DOI:

https://doi.org/10.52754/16948823_2023_1(1)_1

Ачкыч сөздөр:

абсолюттук бытие, гедонисттик музыка, ислам догмалары, поэзиянын табияты, музыкалык искусство, катарсис, неоплатондук окуу, суфизм, эстетикалык гармония, этикалык норма

Аннотация

Суфизмдин эстетикалык концепциясында искусствонун түрлөрүнүн ичинен музыка өзгөчө орунда турган. Суфийлердин пикири боюнча музыка Таза дүйнөгө, башкача айтканда, Кудайдын дүйнөсүнө тиешелүү, ал Кудайдын рухунун гармониясы, ошондуктан музыка Кудайды түшүнүүдө адамдарга жардам берет, аларды жаман жолдордон сактайт. Суфизм эстетикасы поэзиядан өздөрүнүн идеалына жараша форманы жана мазмунду так ажыратышкан. Поэтикалык чыгарма эмоционалдуу жана кабыл алууга жеңил болууга тийиш. Ырдын мазмуну-бул барынан мурда жараткандын рухтук күчүнүн ачыкка чыгышы, адам бул рух менен биригип тазаланат. Чыгарманын формасы – абсолюттук бытиенин материалдык дүйнөнүн предмети түрүндө чагылдырылышы. Суфийлер үчүн поэзия таза, жагымдуу форма жана ыргак, уйкаштыктардын куралышы гана эмес, ал ички дүйнөнүн керектөөсүнүн табигый түрдө ачык билиниши, абсолюттук сулуулук жана кооздукту баамдай билүү, ага жетишүү. Суфийлик ырларды ири араб, перс, түрк жана азербайжан акындары (Аттар, Саади, Руми, Хафиз, Ниязи, Джами, Насими) жазышкан. Алардын поэзиясы символика менен байланышкан, бул исламдын кугунтуктоосунан чочулабай кескин пикирлерди билдирүүгө мүмкүнчүлүк берген.

Библиографиялык шилтемелер

Аль Сардади (Кардауи) Юсеф. Ислам: дозволенное и запретное. [Текст] / Аль Сардади (Кардауи) Юсеф. /Пер. с араб. З. Арухова, Р. Гаджиева. – Алматы: Онер, 1994. – 142 с.

Веймарн Б. В. Искусство арабских народов (средневековый период). [Текст] / Б.В. Веймарн – М.: Искусство, 1960. – 199 с.

Джами А. Весенний сад. [Текст] /А. Джами. – Душанбе: 1964. – С. 53-54.

Ислам. Историографические очерки. – М.: Главная редакция Восточной литературы, 1991. – 288 с.

Курбанмамадов А. Эстетическая доктрина суфизма (опыт критического анализа). [Текст] /А. Курбанмамадов. – Душанбе: 1987. – С. 23.

Козубаев, О., Ыразаков, Д., & Камбарова, Н. (2023). Проблемы духовности в современной музыке. Вестник Ошского государственного университета, (1), 170-178. https://doi.org/10.52754/16948610_2023_1_21. EDN: XIKOTG.

Лирика. Из Персидско-Таджикской поэзии. Рудаки, Ибн Сина, Насир Хосров и др. – М.: Худож-я литература, 1987. – 462 с.

Матякубов О. Аль–Фараби об основах музыки Востока. [Текст] /О. Матякубов. – Ташкент: Фан, 1986. – 86 с.

Рудаки. Стихи. [Текст] /Рудаки. – М.: 1963. – С 44

Сагадеев А. В. Эстетические взгляды арабов средневековья. //Очерки истории эстетических учений. [Текст] /А.В. Сагадеев. – М.: 1963.

Жүктөөлөр

Жарыяланды

2023-11-15 — Жаңыланды 2023-11-15

Версиялар

Кандай шилтеме берүү керек

Жалалов , Э., Назарова , О., & Карыбекова , Т. (2023). СУФИЗМ ЭСТЕТИКАСЫНДАГЫ МУЗЫКАЛЫК ИСКУССТВОНУН РЕФЛЕКЦИЯСЫ. Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Философия. Социология. Политология, (1(1), 1–6. https://doi.org/10.52754/16948823_2023_1(1)_1