АДАМОЛОГИЯ АЛКАГЫНДАГЫ АДАМ ТАБИЯТЫНЫН УНИКАЛДУУЛУГУ

Авторлор

  • Өмүрзак Акматов Ош мамлекеттик университети
  • Гүльмира Жутанова Ош мамлекеттик университети

DOI:

https://doi.org/10.52754/16948823_2026_1(7)_17

Ачкыч сөздөр:

адамология, философиялык антропология, адам табияты, креативдүүлүк, уникалдуулук, универсалдуулук, жигердүүлүк, , керектѳѳлѳр, зарылдыктар, муктаждыктар, жасалма интеллект, көндүмдөр, чеберчилик

Аннотация

Макала “Адамология алкагындагы адам табиятынын уникалдуулугу” – деп аталып, философиялык антропологиянын онтологиясына арналган. Адамология – көп кырдуу социомаданий жана социотабийгый процесстердин ѳзгѳчѳлүктѳрүн, философиялык темпорализмдин, жалпылык менен уникалдуулуктун, чектүүлүк менен чексиздиктин, ѳӊчѳйлүк менен универсалдуулуктун, жоопкерчилик менен парз-милдеттин; кайгы менен сүйүнүчтүн, ажырым менен биригүүнүн, азап менен куткаруунун, жашоо маңызы сыяктуу рухий кырдаалдардын өз ара карама-каршы биримдигин камтый алат. Адамология – «адамга» тиешелүү реалдуу жана абстракттуу параметрлерди камтып, бул түшүнүктүн ажыралгыс компоненттери инсандык сапаттар экенин айкындай алат. Ал – жашоо маӊызын диалектикалык ѳӊүттѳ карап, адам болумунун орчундуу көйгөйлөрүнө адекваттуу жооп берүүгө далаалат кылат. Макалада аалам жана анын алкагындагы адам барлыгы ареалындагы философиялык антропологиянын орду, аларды чечүүдөгү философиялык рефлексиянын шарттуулугу илимий-концептуалдуу талдоого алынат. Анда, адам болумун, анын универсалдуулугу менен уникалдуулугун, биосоциалдык жана рухий маңызын терең талдоого мүмкүндүк берээри чагылдырылган. Өзгөчө, адамдын когнитивдик маңызын ачып берүү жагдайы – философиялык антропологияга таандык экендиги айкындалган.

Библиографиялык шилтемелер

Адам и ИИ» Адам и искусственный интеллект (в двух разделах) / Аскар Абдыкадыр – Алматы: Дарын, 2024. – 350с. http://cslnaskr.krena.kg//collection/ru/view/9995/ (дата обращения…20.02.26)

Акматов Ө.С., Аскар Абдыкадыр А40 АДАМОЛОГИЯ: философиялык антропология жана экзистенциалдар- Б.: 2025. – 365б. ISBN 978-9967-9479-3-1

Барулин, B.C. Социально-философская антропология: Общие начала социально-философской антропологии [Текст] / B.C. Барулин. - М.: Онега, 1994. –256с.

Гелен, А. О систематике антропологии [Текст] / А. О. Гелен // Проблемы человека в западной философии. – М.: Прогресс, 1988. – С. 152–156.

Гуревич, П. С. Философская антропология [Текст]: учеб. пособие / П. С. Гуревич. – М.: Вестник, 1997. – 448б. – (Сер. Universa).

Ильин, В. В. Политическая антропология [Текст] / В. В. Ильин, А. С. Панарин, Д. В. Бадовский. – М.: Изд-во МГУ, 1995. – 224 с.

Кудишина, А. А. Современный гуманизм как феномен культуры (философско-культурологический анализ) [Текст] / автореф. дис.... докт. филос. наук: 24.00.01 /А.А.Кудишина.- М.: - 2007 – 42с.

Мизес фон Л. Человеческая деятельность: трактат по экономической теории. М. 2005. 16, 129-бет.

Рикер, П. Человек как предмет философии [Текст] / П. Рикер // Вопр. философии. – 1989. – № 2. – С. 41–50.

Сабиров, А. Г. Человековедение: гуманизационные и гуманитарные функции [Текст] / А. Г.Сабиров. – Елабуга: Изд-во ЕГПИ, 1996. – 210 с.

Жүктөөлөр

Жарыяланды

2026-06-16

Кандай шилтеме берүү керек

Акматов, Ө., & Жутанова, Г. (2026). АДАМОЛОГИЯ АЛКАГЫНДАГЫ АДАМ ТАБИЯТЫНЫН УНИКАЛДУУЛУГУ. Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Философия. Социология. Политология, (1(7), 165–175. https://doi.org/10.52754/16948823_2026_1(7)_17