ГЛОБАЛДАШУУ ШАРТЫНДА УЛУТТУК МАДАНИЯТТЫН ТИЛ АРКЫЛУУ ЧАГЫЛДЫРЫЛЫШЫ

Авторлор

  • Гулсина Жакаева Ош мамлекеттик университети

DOI:

https://doi.org/10.52754/16948823_2026_1(7)_14

Ачкыч сөздөр:

глобалдашуу, улуттук маданият, тил, менталитет, дүйнө тааным, макал-лакаптар, разеологизмдер, маданий мурас, улуттук иденттүүлүк, кыргыз тили.

Аннотация

Бул макалада глобалдашуу шартында улуттук маданияттын тил аркылуу чагылдырылышы жана анын коомдук мааниси каралат. Тил – бул элдин тарыхын, маданиятын, дүйнө таанымын жана менталитетин сактаган негизги каражат болуп саналат. Ар бир элдин маданий баалуулуктары, салт-санаалары жана руханий дүйнөсү тилдик бирдиктер аркылуу берилет. Айрыкча макал-лакаптар, фразеологизмдер жана туруктуу сөз айкаштары элдин турмуш тажрыйбасын жана философиялык көз карашын чагылдырган маанилүү тилдик каражаттар болуп эсептелет. Макалада глобалдашуу процессинин тилге жана маданиятка тийгизген таасири талданып, кыргыз тилиндеги макал-лакаптар жана фразеологизмдер аркылуу улуттук менталитеттин чагылдырылышы каралат. Ошондой эле улуттук тилди сактоо жана өнүктүрүү маселеси талданып, глобалдашуу шартында тилди коргоо улуттук иденттүүлүктү сактоонун маанилүү жолу экендиги белгиленет.

Библиографиялык шилтемелер

Маслова В.А. Лингвокультурология. – Москва: Академия, 2001.

Карасаев К. Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгү. – Бишкек, 1980.

Юдахин К.К. Кыргызча-орусча сөздүк. – Москва, 1965.

Абдувалиев И. Кыргыз тили. – Бишкек, 2012.

Айтматов Ч. Кыргыз маданияты жана руханий дүйнө. – Бишкек, 1999.

Мурзакметов, А. (2025). Кыргыз макал-лакаптарын өздөштүрүүдөгү айрым проблемалар. Евразия изилдөөлөрү ачык журналы, 1(1), бб. 40-46. https://doi.org/10.65469/eijournal.2025.1.6

Жүктөөлөр

Жарыяланды

2026-06-16

Кандай шилтеме берүү керек

Жакаева , Г. (2026). ГЛОБАЛДАШУУ ШАРТЫНДА УЛУТТУК МАДАНИЯТТЫН ТИЛ АРКЫЛУУ ЧАГЫЛДЫРЫЛЫШЫ. Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Философия. Социология. Политология, (1(7), 134–141. https://doi.org/10.52754/16948823_2026_1(7)_14