БАТЫШ ИЛИМИЙ ОЙЛОМУНУН САЛТТАРЫНДАГЫ ЖАРАНДЫК КООМ ТҮШҮНҮГҮ
DOI:
https://doi.org/10.52754/16948823_2025_1(5)_3Ачкыч сөздөр:
жарандык коом, демократиялык принцип, мамлекет, революция, моралдык норма, индивид, трансформация, мамлекеттик институтАннотация
Автордун аталган макаласы жарандык коом концепциясын батыш илимий ойломунун өнүтүндө талдоого арналган. Анда байыркы замандан азыркыга чейинки негизги теориялык жакындоолор каралат, анын ичинде Л-салты, Дж. Локкко таандык жана М-салты, Ш. Монтескьеге байланыштуу. Жарандык коом түшүнүгүнүн эволюциясы, анын мамлекет менен өз ара аракеттешүүсү, ошондой эле саясий системадагы ролу жана жарандардын укуктарын коргоо маселелери талкууланат. Англо-америкалык жана континенттик саясий ойлор арасындагы айырмачылыктарга, ошондой эле жарандык коом концепциясынын заманбап аныктамаларына жана сын-пикирлерине өзгөчө көңүл бурулат. Макалада коомдун өнүгүүсүн жана анын институттарынын өз ара аракеттенүүсүн чагылдырып, либералдык-демократиялык принциптердин калыптануу негизги этаптары көрсөтүлөт. Ошондой эле либералдык, марксисттик жана неолибералдык мектептердин алкагында жарандык коомдун ролу жана орду тууралуу негизги теориялык багыттар салыштырылат. Натыйжада, Батыш ойломунда жарандык коом — бул жарандардын саясий аң-сезимин, укуктук маданиятын жана коомдук жигердүүлүгүн калыптандырууда маанилүү фактор экени баса белгиленет.
Библиографиялык шилтемелер
Гаджиев К.С. Проблема гражданского общества: Идейные истоки и основные вехи формирования // Вопросы философии. 1991. № 7.
Аристотель. Политика / Аристотель. Сочинения. М.,1983. Т. 4.
Локк Д. Сочинения: В 3-х т. М.,1988. Т. 3.
Гоббс Т. О гражданине / Гоббс Т. Собрание сочинений в 2-х т. М.,1989. Т. 2.
Монтескье Ш.Л. Избранные произведения. М.,1955.
Кант И. Метафизика нравственности / Кант И. Сочинения в 6-ти т. М., 1965, т. 4, ч.2.
Пейн Т. Избранные произведения. М.,1959.
Гегель Г.В.Ф. Философия права. М.,1990.
Жапаралиев, Ш. Ж. Хабермас и интернет: обратная трансформация публичной сферы в эпоху новых медиа? / Ш. Ж. Жапаралиев // Мировая экономика и международные отношения. – 2023. – Т. 67, № 7. – С. 118-126. – DOI 10.20542/0131-2227-2023-67-7-118-126. – EDN JXNOPG.
Базаркулова, Т. А. Жарандык коом идеясынын тарыхый-философиялык ɵнƴгƴyсy / Т. А. Базаркулова, Д. Т. Эшеналиева, А. А. Акаев // Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Философия. Социология. Политология. – 2024. – No. 1(3). – P. 1-11. – DOI 10.52754/16948823_2024_1(3)_1. – EDN QFTCLU.
Базаркулова, Т. А. Постсоветтик социогуманитардык мейкиндиктеги жарандык коомдун калыптануусу / Т. А. Базаркулова, Д. Т. Эшеналиева // Вестник Ошского государственного университета. – 2024. – No. 2. – P. 213-224. – DOI 10.52754/16948610_2024_2_21. – EDN GGIICL.