УЛУТТУК ОЮНДАРДЫН МАДАНИЙ-ФИЛОСОФИЯЛЫК ЭКСПЛИКАЦИЯСЫ

Авторлор

  • Ажимамат Боронбаев Ош мамлекеттик университети
  • Айгул Осмонова Ош мамлекеттик университети

DOI:

https://doi.org/10.52754/16948823_2023_2(2)_2

Ачкыч сөздөр:

көркөм сөз, каада-салттар, акыйнек, нарк, топ таш, киште, уюм тууду, байыркы, ат оюндары, жамбы атуу, тай жарыш, тыйын эңмей

Аннотация

Улуттук оюндар – элдик тарбиянын ажыралгыс бөлүгү. Оюндар өспүрүмдөрдү элди, жерди, мекенди сүйүүгө, адептүүлүккө, эмгекчилдикке, акыл-эстүүлүккө, баатырдыкка, чечкиндүүлүккө тарбиялоодо элдик педагогиканын түбөлүк адатка айланган талабы болгон. Азыркы кезде да элдик оюндар жаштарды турмушка алгачкы даярдоо процессинин негизги фактору бойдон калууда. Бала тарбиялоо - адамдардын ата-энелик, ошондой эле атуулдук милдети. Ошондуктан ар бир ата-эне баласы төрөлгөн күндөн баштап, ага татыктуу тарбия берүүгө аракет кыла баштайт. Ымыркайды терметкенде бешик ыры ырдалат. Эмгектей баштаганда сал билек айтылат. Каз туруп тамтаңдап баса баштаганда тушоо кесүү тою болот. Андан кийин наристеге улам эс кирип, акылы калыптана баштайт. Ошондон баштап ага эс-акылын өстүрүүгө көмөк берүүчү, баамчылдыкка, кыраакылыкка тарбиялоочу, ар түрдүү кыймыл-аракет аркылуу ден соолугун чыңдоочу, турмуштук көз карашын калыптандыруучу оюндар үйрөтүлө баштайт.

Библиографиялык шилтемелер

Алагушов Б. (2006). Бабалардын мурасы. – Б. – 233б.

Каразакова З.Ж. (2019). Улуттук дөөлөттөр. 2 – бөлүк. Улуттук дөөлөттөрдү өздөштүрүү боюнча окуу куралы. – Ош. – 162б.

Каразакова З.Ж. (2019). Улуттук дөөлөттөр. 1 – бөлүк. Улуттук дөөлөттөрдү өздөштүрүү боюнча окуу куралы. – Ош, – 162б.

Кыргызстан: Энциклопедия (2015). /Бишкеке ред. Ү.А. Асанов. – Б: – 643б.

“Элтаануу”: Тексттер топтому (2007). /Түз. Б.Кыдырбаева, Г.Токторбаева, Н.Турумбаева. – Б. – 212 б .

Үcөн уулу Ж., Абдисалам кызы К., Оморов Т., Таши уулу Ж., Абдамитов Н. (2020). Кыймыл оюндары жана классификациясы. Вестник Ошского государственного университета, No. 1-4, сс. 281-285. EDN: NBSCAQ.

Chifzhi, B. (2023). Importance of nature games for elementary school aged children. Bulletin of Osh State University, (4), 61-73. DOI: https://doi.org/10.52754/16948610_2023_4_7. EDN: MNHYVC.

Жүктөөлөр

Жарыяланды

2023-12-23

Кандай шилтеме берүү керек

Боронбаев , А., & Осмонова , А. (2023). УЛУТТУК ОЮНДАРДЫН МАДАНИЙ-ФИЛОСОФИЯЛЫК ЭКСПЛИКАЦИЯСЫ. Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Философия. Социология. Политология, (2(2), 7–14. https://doi.org/10.52754/16948823_2023_2(2)_2