“КУТАДГУ БИЛИГ” ЧЫГАРМАСЫНДАГЫ 4620–4630-БЕЙТТЕРДИН КОТОРМОЛОРУНДАГЫ МААНИЛИК ӨЗГӨРҮҮЛӨР ЖАНА БУЛ БЕЙТТЕРДИН НЕГИЗИНДЕ ЧЫГАРЫЛГАН КЭЭ БИР ЖЫЙЫНТЫКТАР

Авторлор

  • Данияр Баратов №33 мектеп-гимназиясы, Бишкек

DOI:

https://doi.org/10.52754/16948874_2024_1(3)_6

Ачкыч сөздөр:

Кутадгу билиг, котормо, бейт, ысылык, сууктук, медицина, түрк тилдери

Аннотация

Макала эки бөлүмдөн турат. Биринчи бөлүмүндө “Кутадгу билиг” чыгармасынын кыргыз, түрк, өзбек, уйгур, казак жана орус тилдерине котормолору салыштырмалуу анализденип, котормолордогу мааниси өзгөрүп кеткен бейттер аныкталат. Аталган котормолордо ар кандай себептерден улам так эместиктерге (маанилик өзгөрүүлөргө) дуушар болгон бейттердин оригинал тексттеги алгачкы маанисин аныктоо аракети жүргүзүлөт. Бир канча аргументтин негизинде бул бейттерде Жусуп Баласагын ысылык, сууктук, нымдын жана кургактын деген сөздөрдү медициналык термин, б.а., медициналык түшүнүктү туюнткан сөз катары колдонгондугун далилдөө аракети көрүлөт. Медициналык булактарды жана лингвистикалык сөздүктөрдү колдонуу менен бул элдик медициналык түшүнүктөрдүн маанисин чечмелөө аракети кылынат. Эмгектин биринчи бөлүмүндө бул сөздөрдүн лексикалык анализи берилет, котормолордогу дал келбестиктерге алып келиши мүмкүн болгон шарттар каралат. Ошондой эле бул бөлүмдө каралып жаткан бейттердин которулушунда дал келбестик болбогон котормолор аныкталып, сөз болуп жаткан дал келбестиктерди жоюу жолдору сунушталат. Чыгарманын 4620–4630-бейттери медициналык маалыматты камтыйт деген пикирди далилдеген аргументтердин бирөөсү – бул “Кутадгу билиг” чыгармасынын ушул бөлүгүндө берилген тексттин структурасы менен Абу Али ибн Синанын “Ал-Канун фи’т-Тибб (Медицина илиминин мыйзамы)” аттуу эмгегинин “Ар кыл жыныстардын жана жаш курактардын табияты жөнүндө” деген параграфындагы берилген тексттин структурасынын окшоштугу. Баяндаманын экинчи бөлүмүнүн максаты – жогорудагы айтылган эки чыгарманын бөлүктөрүн салыштырмалуу түрдө анализдөө жана тийиштүү аргументтерди таап, Жусуп Баласагын “Кутадгу билиг” чыгармасын жазууда Абу Али ибн Синанын “Ал-Канун фи’т-Тибб” аттуу эмгегин колдонгон деген божомолду далилдөөгө аракет кылуу.

Библиографиялык шилтемелер

Alberts, O. (1901). Archiv für Geschichte der Philisophie. Der Dichter des in uigurisch türkischem Dialect geschriebenen Kutadgu bilik (1069–70 p. Chr. ) ein Schüler des Avicenna. Berlin: Druck und Verlag von Georg Reimer. С. 319–336.

Arat, R. R. (1991). Kutadgu Bilig. I. Metin (3. b.). Ankara: TDK.

Arat, R. R. (1998). Kutadgu Bilig. II. Çeviri. Ankara: TTK.

Arsal, S. M. (1917). Türk Tarihi ve Hukuk. İstanbul: İsmail Akgün Matbaası.

Erdal, M. (2016). Ж. Баласагын жана анын өлбөс-өчпөс эмгеги Кутадгу билиг. Kutadgu Bilig ve Farsça. Бишкек: КТМУ, С. 62–63.

Eren, H., Gözaydın, N., Parlatır, İ., Tekin, T., Zülfikar, H. (1988). Türkçe Sözlük. Ankara: TDK.

İbn-i Sînâ (1995). El-Kânûn fi̓’ț-țıbb (Türkçeye çeviren: Kâhya E). Ankara: Atatürk Kültür, Dil ve Tarih Yüksek Kurumu, Atatürk Kültür Merkezi.

Kaçalin, M. S., İmin T. (2015). Yusuf Has Hacib. Kutadgu bilig. Viyana. Giriş. Ankara: TDK.

Абу Али Ибн Сина (1981). Канон врачебной науки (Т. I). Ташкент: Фан.

Абу Али Ибн Сино (1993). Тиб қонунлари (1 жилд) (тузувчилар: У. Каримов, Ҳ. Ҳикматуллаев). Тошкент: Абдулла Қодирий номидаги халқ мероси нашриёти.

Абдувалиев, И., Акматалиев, А., Кыдырмамбетова, А. ж.б. (2010). Кыргыз тилинин сөздүгү. Бишкек: Avrasya jayincilik.

Акабиров, С., Аликулов, Т., Ибрагимов, С. ж.б. (1981). Ўзбек тилининг изохли луғати (Т. I–II). Москва: Рус тили.

Акобиров, С., Михайлов, Г. (1988). Ўзбекча – русча луғат. Ташкент: Главное издательство Узбекской советской энциклопедии.

Арыкоглу, Э., Алимова, Ж., Аскарова. Р., Селчук, Б. К. (2017). Кыргызча-түркчө сөздүк (Т. II). Бишкек.

Жанұзақов, Т. (1999). Қазақ тiлiнiң сөздiгi. Алматы: Дайк-Пресс.

Иванов, С. (1983). Благодатное знание. Москва: Наука.

Каримов, К. (1971). Қутадғу билиг (Саодатга йўлловчи билим). Ташкент: Фан.

Кляшторный, С. (1970). Советская тюркология. Эпоха "Кутадгу билиг". Баку: Коммунист. (4), С. 82–86.

Козубеков, Т. (1988). Кут алчу билим. Фрунзе: Кыргызстан.

Козубеков, Т. (2015). Куттуу билим. Бишкек: АРКУС.

Кононов, А. (1970). Советская тюркология. Слово о Юсуфе из Баласагуна и его поэме «Кутадгу билиг». Баку: Коммунист. (4), С. 3–12.

Құрышжанұлы, Ә. (2015). Құт әкелетiн бiлiм. Астана: Ғылым.

Наделяев, В., Насилов, Д., Тенишев Э., Щербак, А. (1969). Древнетюркский словарь. Ленинград: Наука.

Наджип, Э. (1968). Уйгурско-русский словарь. Москва: Советская энциклопедия.

Откур, А., Зийаи, А., Йусуп, М. (1984). Qutadƣu Bilig. Пекин: Миллатлар нашрийати.

Сыдыков, С. (2013). Куттуу билим. Бишкек: Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту.

Юдахин, К. (1965). Киргизско-русский словарь. Москва: Советская энциклопедия.

Жүктөөлөр

Жарыяланды

2024-08-15

Кандай шилтеме берүү керек

Баратов, Д. (2024). “КУТАДГУ БИЛИГ” ЧЫГАРМАСЫНДАГЫ 4620–4630-БЕЙТТЕРДИН КОТОРМОЛОРУНДАГЫ МААНИЛИК ӨЗГӨРҮҮЛӨР ЖАНА БУЛ БЕЙТТЕРДИН НЕГИЗИНДЕ ЧЫГАРЫЛГАН КЭЭ БИР ЖЫЙЫНТЫКТАР. Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Филология, (1(3), 54–65. https://doi.org/10.52754/16948874_2024_1(3)_6