ИНВЕСТИЦИЯ – КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙЫЛ ЧАРБА ТАРМАГЫН ӨНҮКТҮРҮҮНҮН НЕГИЗГИ ФАКТОРУ
DOI:
https://doi.org/10.52754/16948734_2024_1(4)_2Ачкыч сөздөр:
инвестиция, инвестициялык жагымдуулук, агрардык секторго инвестициялар, айыл чарбасы, агрардык реформалар, рыноктук механизмдер, инвестициялык процесстер, натыйжалуулукАннотация
Макалада агрардык сектордогу «инвестиция» термининин экономикалык маңызы изилденди. Агрардык секторго инвестициялар туруктуу узак мөөнөттүү киреше алып келүүгө жардам берген келечектүү инвестициялар болуп эсептелет, анткени айыл чарба продукциялары стратегиялык мүнөзгө ээ. Бул азыркы экономикада агрардык секторго инвестициялар эң кирешелүү жана эң чоң мааниге ээ экендигин билдирет. Кыргыз Республикасынын айыл чарба тармагына инвестицияларды тартуу структурасы, аймактар боюнча инвестициянын жалпы үлүшү талдоого алынган. Инвестициялык потенциал фактордук мамиленин негизинде ачылат. Кыргыз Республикасынын аймактарынын айыл чарба тармагына инвестиция тартуунун өзгөчөлүктөрү келтирилип, алардын көйгөйлөрү белгиленди. Ошондой эле айыл чарба тармагындагы инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу үчүн сунуштар айтылды. Айыл чарба тармагына инвестицияларды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн ар түрдүү долбоорлор менен иш алып баруу жагы сунушталды. Мамлекеттин айыл чарба тармагына инвестиция тартуу жаатындагы мамлекеттик реформалар каралууда.
Библиографиялык шилтемелер
Баймуратов А.А., Цифровизация как основной приоритет конкурентоспособного развития сельского хозяйства Кыргызской Республики / Баймуратов А.А., Зикираев М.Т. / Вестник МНУ имени К.Ш.Токтомаматова №3, 2022.
Зулпуева А.М., Краткий анализ внутренних и внешних источников инвестиций в Киргизскую Республику / Зулпуева А.М., Парпиева Ф.С., Керимбаева Т.Э. /Бюллетень науки и практики / Т. 6. №6. 2020.
Кыргыз Республикасындагы инвестициялар 2018-2022. - Б.: Улутстатком Кырг. Респ., 2023. 224 б. ISBN 978-9967-26-838-8
Рыскулбеков, И. А. Экономический потенциал аграрного сектора экономики Таласской области: проблемы и перспективы его развития в условиях интеграции / И. А. Рыскулбеков // Вестник Ошского государственного университета. – 2023. – № 3. – С. 113-122. – DOI: 10.52754/16948610_2023_3_13. – EDN: IJPKHT.
Эргашбаева, М. Айыл чарба ишканаларынын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатунун экономикалык механизмдерин түзүү / М. Эргашбаева, Б. Т. Максытова // Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Экономика. – 2022. – No. 1(1). – P. 19-26. – EDN: ZRJQOC.