СИНАНТРОПТУК КАНАТТУУЛАР ЖАНА СҮТ ЭМҮҮЧҮЛӨР ШААР ЧӨЙРӨСҮНӨ БИОМЕРТИНТҮҮЧҮ ФАКТОР КАТАРЫ: АНАЛИЗ ЖАНА ТЕРС ТААСИРЛЕРИН АЗАЙТУУ ЖОЛДОРУ (ОШ ШААРЫНЫН МИСАЛЫНДА)
DOI:
https://doi.org/10.52754/16948688_2025_1(6)_1%20%20%20%20%20Ачкыч сөздөр:
синантроптук түрлөр, биологиялык жабыр келтирүүчү түрлөр, биологиялык жабыр келтирүү даражалары, урбанизацияланган ландшафт, синантропизациялануу даражасы, облигаттык синантроп, факультативдик синантроп, псевдосинантропАннотация
Учурда шаарлардын урбанизациялануу шартында синантроптук жаныбарлардын шаар экосистемаларынын туруктуу өнүгүшүнө тийгизген таасирин комплекстүү изилдөө актуалдуу маселе болуп эсептелет. Ушул багыттагы изилдөө Ош шаарында байырлаган синантроптук куштардын жана сүт эмүүчүлөрдүн таксономиялык курамын аныктоого, алардын биологиялык жабыр келтирүүчү активдүүлүгүн сапаттуу жана сандык жактан баалоого, шаардык инфраструктуранын элементтерине болгон терс таасирин азайтуу боюнча практикалык сунуштарды иштеп чыгууга багытталган. Изилдөөлөр 2023–2025-жылдары жүргүзүлүп, куштар үчүн маршруттук эсепке алуу, ал эми кемирүүчүлөр үчүн «капан-сутка» ыкмасы колдонулган. Изилдөөнүн натыйжасында Ош шаарында жашаган 23 түр синантроптук куштар (Columbiformes – 3 түр, Apodiformes – 2 түр, Passeriformes – 18 түр, анын ичинде Hirundinidae, Motacillidae, Sturnidae, Corvidae, Turdidae, Paridae, Passeridae, Fringillidae жана Emberizidae тукумдарынын өкүлдөрү камтылган) жана 6 түр синантроптук сүт эмүүчүлөр (Rodentia – 6 түр, аларды Gliridae, Cricetidae, Gerbillidae жана Muridae тукумдарынын өкүлдөрү түзүшөт) аныкталды. Синантроптук түрлөрдүн биологиялык жабыр келтирүүчү касиеттерин талдоо алардын айыл чарба, коммуналдык чарба жана шаардык инфраструктура сыяктуу ар кандай секторлорго олуттуу зыян келтирерин көрсөттү. Meriones libycus, Ellobius tancrei жана Dryomys nitedula сыяктуу түрлөр буга чейин синантроптук сүт эмүүчүлөрдүн популяцияларынын курамында эске алынбай келген. Аларды шарттуу синантроптук түрлөр катары кароо шаар экосистемаларындагы изилдөөлөр үчүн маанилүү маалымат болуп саналат. Биз биологиялык жабыр келтирүүчү түрлөрдүн санын жөнгө салуу үчүн механикалык жана химиялык ыкмаларды, жырткыч куштарды жана алыстан башкарылуучу түзмөктөрдү колдонуу ыкмаларын сунуштайбыз. Ошондой эле, бздин иште мөмөлүү бактардын жанына тыт бактарын тигүүнү сунуш кылган сунуштар берилди, анткени куштар тыттын мөмөсүн артык көрүшкөндүктөн жана башка мөмөлүү бактарга азыраак зыян келтиришет.
Библиографиялык шилтемелер
Быкова, Е.А. Александровна Влияние урбанизации на фауну и экологию млекопитающих Узбекистана: на примере г. Ташкента: автореф. дис. …канд. биол. наук: 03.02.08 /Е.А.Быкова. – Тюмень, 2017. – 19 с.
Айдаралиев, Э.К. Синантропизации лесной сони (Dryomys nitedula Pallas, 1799) в пойме реки Ак-Бууры / Э.К.Айдаралиев, А.М.Абдыкааров // Вестник ОшГУ. Химия. Биология. География. – 2024. – № 1(4). – С. 33-38.
Абдыкааров, А.М. Птицы города Ош и его окрестностей: автореф. дис. …канд. биол. наук: 03.00.08 / А.М.Абдыкааров. –Бишкек, 2005. –25 с.
Абдыкааров, А.М., Стамалиев К.Ы. Птицы как биоиндикаторы экологического состояния города Ош и его окрестностей: Тр. междунар. науч. конф. //Вестник ОшГУ. Сер. естеств. наук. -2001. -№1. –С.71-78.
Абдыкааров, А.М. Фауна синантропных видов птиц города Ош / А.М.Абдыкааров, Ф.К.Маткеримова, Н.М.Кудайназарова // Наука, новые технологии и инновации Кыргызстана. – 2022. – № 1. – С. 41-44.
Стамалиев, К.Ы. Воробьинообразные птицы (Passeriformes) в урбанизированных ландшафтах юга Кыргызстана: автореф. дис. …канд. биол. наук: 03.02.04 / К.Ы.Стамалиев. – Бишкек, 2014. – 26 с.
Стамалиев, К.Ы. Воробьинообразные птицы (Passeriformes) обитающие в биотопах городской экосистемы в одна и двух этажных жилых помещениях /К.Ы.Стамалиев, С.Т.Абжамилов, А.М.Абдыкааров // Известия ВУЗов (Кыргызстан). – 2014. – № 7. – С. 46-49.
Кендирбаева, С.К. Птицы водно-болотных угодий Иссык-Кульской котловины: автореф. дис. …канд. биол. наук: 03.00.08 /С.К.Кендирбаева. – Бишкек, 2007. – 26с.
Жусупбаева, А.А. Птицы города Бишкек (численность, пространственно-временная структура и организация): автореф. дис. …канд. биол. наук: 03.02.04 /А.А.Жусупбаева. – Бишкек, 2013. – 24 с.
Алымкулова, А.А. Эколого-биологическая оценка вселения чужеродных видов грызунов в Средней Азии (на примере Rattus norvegicus Berkenhout, 1769): автореф. дис. … док. биол. наук ∕ А.А.Алымкулова. – Бишкек, 2020, - 42 с.
Атабеков, У.А. Фауна мышевидных грызунов Южного Кыргызстана: автореф. дис. …канд. биол. наук: 03.02.04 / У.А.Атабеков. – Бишкек, 2013. –24с.
Impact of climate change on the fauna of passerines (Passeriformes) in urbanized ecosystems of southern Kyrgyzstan / K. Stamaliev, A. Abdykaarov, A. Kulbaev [et al.] // E3S Web of Conferences. – 2024. – Vol. 537. – P. 05020.
Вольперт, Я.Л. Млекопитающие в условиях техногенного ландшафта // Международный журнал прикладных и фундаментальных исследований. – 2013. – № 8-1. – С. 31-33; URL: https://applied-research.ru/ru/article/view?id=3838
Barotov, A., Tursunov, O., Shodieva, F., Kholboev, F. Ecology and Significance of Synanthropic Species in the Desert Zone of Uzbekistan (as an Example of Birds and Mammals). International Journal of Genetic Engineering. p-ISSN: 2167-7239 e-ISSN: 2167-7220. 2024; 12(1): 1-4.
Доржиев, Ц. З. Синантропные гнездящиеся птицы степных ландшафтов Тувы и Бурятии /Ц.З.Доржиев, А.Т.Саая, С.Ж.Гулгенов //Байкальский зоологический журнал. – 2020. – № 2(28). – С. 33-48.
Атабеков, Ү., Абжамилов, С., Бегматов, А., Матибали уулу, Ш., Абылкасымова, Р. (2024). Видовой состав и количественное распределение мышевидных грызунов (Muridae illger 1811) ореховых лесов Арстанбапа. Вестник ОшГУ. Химия. Биология. География, (2(5), 24–31.
Кадастр генетического фонда Кыргызстана: том IV. Тип Chordata – хордовые. –Б., 2015. -128 с.
Систематический список позвоночных животных Кыргызстана. –Б, 2010. -116 с.
Стамалиев, К.Ы. Синантропные птицы урбанизированных экосистем юга Кыргызстана / К.Ы.Стамалиев // Фундаментальные исследования. – 2014. – № 11-5. – С. 1081-1085.
