«САРКЕНТ» МАМЛЕКЕТТИК ЖАРАТЫЛЫШ ПАРКЫНЫН АЙМАГЫН БАЙЫРЛАГАН ЖАПАЙЫ ДОҢУЗДУН (Sus scrofa Linnaeus, 1758) ПОПУЛЯЦИЯЛЫК ӨЗГӨЛҮКТӨРҮ
DOI:
https://doi.org/10.52754/16948688_2025_1(6)_2Ачкыч сөздөр:
экосистема, трофика, эталогия, ландшафт, миграция, инвентаризаця, сандык динамикасыАннотация
Макалада 2012 – 2019-жылдар аралыгында «Саркент» МЖПнын аймагындагы доңуздун (Sus scrofa (Linnaeus, 1758)) таралуу өзгөчөлүктөрү боюнча изилдөөнүн жыйынтыктары берилген. Парктын аймагында жапайы доңуздун таралуу жыштыгы, аймактардын өзгөчөлүгүнө байланыштуу кескин айырмаланып турат. Алсак Асман Жайлоо капчыгайында жапайы доңуздун баш саны акыркы жылдары 1 000 гектарына 1,32±0,06 баштан 6,86±0,06; 8,18±0,06 башка чейин өскөн, Бексууда 1 000 гектарына 3,37±0,03башка барабар. Кээ бир аймактарда Теңизбайда алгачкы жылдары жапайы доңуз кездешкен эмес, кийинки жылдары алардын башы кескин жогорулап 1000 гектарына 4,58±0,05 жана 4,33±0,03башка барабар болгон. Ал эми, Кашка Суу, Көл, Эски Мечит, жана Айкөл капчыгайларында жапайы доңуздун таралуу жыштыгы 1 000 гектарына 1,90±0,01баш менен 2,96±0,02баштын аралыгын түзөт. Бул маалыматтардын жыйынтыгы боюнча алып караганда дагы эле болсо жапайы доңуздун саны өткөн кылымга салыштырмалуу өтө эле төмөнкү чекке түшүп кеткендиги байкалып турат. Жапайы доңуздун сандык динамикасы боюнча дагы кескин айырмаланып, Бек-Сууда - 0,28±0,19% дан 2,82±0,62% га чейин; Асман Жайлоодо - 0,70±0,31% дан 4,38±0,79% га чейин; Кашка Сууда- 0,28±0,19% дан 2,96±0,64% га чейин өзгөрүлүп турат. Ал эми жалпы парктын аймагы боюнча жапайы доңуздун динамикалык көрсөткөчтөрү 3,25±0,67 пайыздан 19,1±1,47пайызга чейин жогорулагандыгы аныкталды
Библиографиялык шилтемелер
Абдисатаров К.А. «Сохранение биологического разнообразия млекопитающих государственного заповедника Кулун-Ата» [Текст]: автореф. дис. канд.биол.наук. 03.00.08 /К.А.Абдисатаров. – Бишкек, 2013. – 21 с.
Абжамилов С. "Саркент" мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагында илбирстин (uncia uncia schreber, 1775.) таралуу өзгөчөлүктөрү Наука, новые технологии и инновации кыргызстана №2 2022, 61-65с
Абжамилов С.Т. «Саркент» мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагында сибир тоо текесинин(Capra (Ibex) sibirica Pallas, 1776) саны жана динамикасы / Матибали уулу Шерали., Атабеков У.А., Дапинова М.А., Канатбекова А.К.// Ош мамлекеттик университетинин ОшМУнун Жарчысы. Химия. Биология. География, – 2024. – No. 2(5). – P. 15-23. – DOI: 10.52754/16948688_2024_2(5)2. – EDN BLQHER.
Бобринский Н.К., Кузнецов Б.А., Кузякин А.П. Определитель млекопитающих СССР [Текст]. –М.: Просвещение. 1965. –381с.
Злотин Р.И., Исаков Ю., Ходашова К.С. Роль животных в функционировании экосистем МОИП Ин-т Геогр. АН СССР, Гл. упр. охр. запов. и охот, хоз-ва МСХ СССР. М.: Наука, 1975. - 170 с.
Кузнецов Б.А. Определитель позвоночных животных фауны СССР [Текст]. Ч.3. –М.: Изд-во Просвещение, 1975. –208с.
Кулназаров Б.К. Млекопитающие юга Кыргызстана, проблемы их охраны (монография). Биолого-почвенный институт НАН КР [Текст]. -Бишкек, 2008. -216 с.
Кулназаров Б.К., Байдоолотов Н.Б., Токторалиев Б.А. Кыргызстандын жаныбарлар дүйнөсү, аларды коргоо жана сарамжал пайдалануу проблемалары [Текст]. –Ош, 1994. -168с.
Новиков Г.А. (1953), «Полевые исследования по экологии наземных позвоночных» [Текст] / Г.А.Новиков М. :- Л.: Изд. АН СССР. 1954. – 204с.
Рак А.С. «Методы учета охотничьих животных в лесной зоне» [Текст]. /А.С. Рак и др. 1973.
Рокицкий П.Ф. Биологическая статистика. 3-е изд. [Текст]. –Минск: Высш. шк., 1973. -320с.
Северцов Н.А. Вертикальное и горизонтальное распределение туркестанских животных [Текст]. –М.: Изд-во АН СССР, 1953. -270с.
Соколов В.Е. Систематика млекопитающих [Текст]./ В.Е.Соколов. Т.1. –М: Высш. шк., 1973. -430с.
Чичикин С.Н. Жапайы туяктууларга туруктуу тоют базасы керек //Кыргызстандын жаратылышын сүйгүлө, коргогула.-Фрунзе , Кыргызстан.1967. –С. 43 – 49.
Чичикин С.Н., Воробьев Г.Г. Дикий кабан юга Киригизии. – Фрунзе: Кыргызстан. 1967. -79с.
Янушевич А.И. и др. Млекопитающие Киргизии /Янушевич А.И., Айзин Б.М. и др.; [Текст]. Отв. ред. Громов И.М., Янушевич А.И. –Фрунзе: Изд-во Илим, 1972. -464с
