ОШ ШААРЫНДА БАЙЫРЛАГАН ТАРАНЧЫ СЫМАЛ КАНАТТУУЛАРДЫН (PASSERIFORMES) КЫШКЫ ОТУРУКТАШУУСУНУН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ
DOI:
https://doi.org/10.52754/16948688_2024_2(5)_1Ачкыч сөздөр:
канаттуулар, түркүм, түр, антропогендик фактор, урбанизациялык процесс, биоиндикатор, жашоо чөйрө отурукташуу мүнөзү, отурукташуу мүнөзүАннотация
Бул изилдөө Ош шаарында байырлаган таранчы сымалдар түркүмүнө (Passeriformes) таандык канаттуулардын экологиялык өзгөчөлүктөрүн жана урбанизациялык процесстердин алардын жашоо чөйрөсүнө тийгизген таасирин изилдөөгө арналган. Изилдөөнүн натыйжасында кыш мезгилинде 23 түр канаттуулар катталып, алардын басымдуу бөлүгүн Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги жана жашыл зоналардагы бадал-дарактарда байырлоочу канаттуулардын түзөөрү аныкталды. Отурукташуу мүнөзү боюнча 18 түрү отурукташкан (BW) жана 3 түрү кыштоочу (W) жана 2 түр келгин-уялоочу (B) (Motacilla personata, Sturnus vulgaris) канаттуулар болуп саналышат. Канаттуулардын отурукташуу мүнөзүндөгү өзгөчөлүктөр жана кара чыйырчыктын (Sturnus vulgaris) уялоочу отурукташуу мүнөзүнө карабастан кыш мезгилинде фондук түр катары үстөмдүк кылып жаткандыгынын себептери анализденип, анын климаттын өзгөрүп жаткандыгына байланышы бар экендиги тастыкталды. Андан сырткары, Кыргызстанда отуруктушкан (BW) түр болуп саналган 4 түрдүн (Corvus monedula, Corvus frugilegus, Parus cyanus жана Parus flavipectus) Ош шаарында кыштоочу (W) түр катары байырлагандыгы аныкталып, Ыссык-Көл ойдуӊундагы канаттуулардын отурукташуу мүнөзүнөн айырмачылыгы анализденди. Там таранчынын (Passer domesticus Linnaeus, 1758) кыш мезгилинде катталбагандыгы Ош шаарында келгин-уялоочу түр болуп саналган индостан таранчысынын (Passer indicus Jardine et Selby, 1831) байырлагандыгын көрсөтөт.
Библиографиялык шилтемелер
Абдыкааров А.М., Кудайназарова Н.М., Дильмурат кызы К. Ош шаарында байырлаган омурткалуу жаныбарлардын түрдүк курамынын бүгүнкү күндөгү абалы Исследование живой природы Кыргызстана. №2. –Бишкек, 2021. –С.134-136.
Абдыкааров А.М. Птицы города Ош и его окрестностей: Автореф. дис. …канд. биол. наук. –Бишкек, 2005. -25с.
Чолпонбаева С.Ч., Юсупова З.М., Абдыкааров А.М. Ош шаарында байырлаган биомертинтүүчү омурткалуу жаныбарлардын биоартүрдүүлүгү. Ош мамлекеттик университетинин жарчысы. №4, 2019. 36-41 б.
Стамалиев К.Ы., Абжамилов С.Т., Абдыкааров А.М. Шаар экосистемасындагы бир-эки кабаттуу турак жайлар биотобун байырлаган таранчы сымал (Passeriformes) канаттуулар. Известия вузов, № 7, 2014. -46-49.
Абдыкааров А.М., Азизилла кызы Г., Таалайбек кызы К. Ош шаарындагы синантроптук канаттуулардын отурукташуу өзгөчөлүктөрү. Наука, новые технологии и инновации кыргызстана, № 11, 2020. 63-67 б.
Fernández-Juricic, E., & Jokimäki, J. (2001). "A habitat island approach to conserving birds in urban landscapes: Case studies from southern and northern Europe." Biodiversity & Conservation, 10(12), 2023-2043.
Систематический список позвоночных животных Кыргызстана [Текст]/[Т.Хардер, В.И.Торопова, С.В.Кулагин и др.] – Бишкек, 2010. – 116 с.
Кадастр генетического фонда Кыргызстана: том IV. Тип Chordata – хордовые. –Б., 2015. -128 с.
Кулагин С.В. Воробьиные птицы Иссик-Кульской котловины. Русский орнитологический журнал. Т. 18. 2009. – С.639-658.
Адыр-талаалар биотобун байырлаган таранчы сымал (Passeriformes) канаттуулар / К. Ы. Стамалиев, К. Манап Кызы, Н. Эртабылды Кызы [et al.] // Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Химия. Биология. География. – 2024. – No. 1(4). – P. 94-106. – DOI 10.52754/16948688_2024_1(4)_13. – EDN LXNOEP.
Абдыкааров, А. М. Ош шаарында байырлаган синантроптук канаттуулардын жана сүт эмүүчүлөрдүн биомертинтүүчү таасирлери жана алар менен күрөшүү чаралары / А. М. Абдыкааров, Б. М. Жээнбаев, Г. А. Абдраева // Вестник Ошского государственного университета. – 2021. – Vol. 2, No. 2. – P. 96-105. – EDN UUVIUG.
Абдыкааров, А. М. Кыргызстандын маданий ландшафттарындагы биомертинтүүчү канаттуулардын жана сүт эмүүчүлөрдүн биоартүрдүүлүгү / А. М. Абдыкааров, Б. М. Дженбаев // Вестник Ошского государственного университета. – 2020. – No. 2-2. – P. 11-17. – EDN TJLSHW.
Жүктөөлөр
Жарыяланды
Версиялар
- 2024-12-02 (2)
- 2024-12-02 (1)